Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Сариевди үй камагына чыгарууну өтүнгөндөр Жапаровго кайрылышты


Темир Сариев. Архивдик сүрөт.
Темир Сариев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын 70ке жакын белгилүү саясатчысы, мурдагы жетекчилери жана коомдук ишмерлери мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууга көмөк сурап, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

11-августта жарыяланган кайрылуусунда алар Сариев «Кумтөр» маселесинде дайыма Кыргызстандын гана кызыкчылыгын көздөп келгенин, ал жетектеген комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат, өкмөт мүчөлөрү, президенттин аппаратынан жана көз каранды эмес эксперттер, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын губернаторлору кирип, корутундусу Жогорку Кеңеште депутаттардын колдоосу менен бекитилгенин белгилешти.

Кайрылуунун авторлору Сариев жетекчи болуп турган жылдары туруктуу позициясы менен 19 стратегиялык объект (пансионаттар, суу сактагычтар, каналдар ж.б.) мамлекетке кайтарылганын, бюджеттин киреше бөлүгү 2014-жылга салыштырганда кыйла өскөнүн (+23 млрд сом), каатчылык шартында ички дүң өнүм +4% болгонун, чет элдик инвестиция агымы 2,2 эсе көбөйгөнүн жана соцкызматкерлердин эмгек акысы жогорулаганын кошумчалашты. Мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо объекттери ж.б. курулганын айтышты.

Кыргызстандын Эл баатыры Миталип Мамытов баштаган кайрылууга парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Акматбек Келдибеков, Жогорку Кеңештин 13 депутаты, мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошева, укук коргоочу Чолпон Жакупова, генералдар, академиктер, маданият ишмерлери кол коюшту.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган жана ал соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын адвокаты билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG