Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Орусия мушташка катышкан 100дөй мигрантты мекенине кайтарышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда калайман мушташ уюштурду деген 100дөн ашуун эмгек мигрантын жакынкы арада мекенине депортациялоо жана 40 жылга бул өлкөгө кирүү укугунан ажыратуу пландалып жатат. Бул тууралуу «Известия» басылмасы 11-августта жеке булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Орусиянын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, мындай кылмыш кылгандарга карата эми катаал чара көрүү, кылмыш жообуна тартуу же өлкөдөн чыгаруу каралат.

Орусиянын башкалаасы Москвада июль айынын башында болгон кыргыз жана тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү дагы деле тыйылбай, депортация күчөгөнү тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да козголгон. Мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлгөн.

Москвада жана Санкт-Петербургда соңку кезде мигранттар катышкан кылмыштар жана мыйзам бузуу фактылары көп каттала баштаганын Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горов билдиргенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны сыртта эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG