Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Кыргызпатентте жетекчилик алмашты


Рахат Керимбаева.
Рахат Керимбаева.

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызпатент) жетекчилиги алмашты. Мекеменин маалыматына караганда, жаңы директор болуп Рахат Керимбаева дайындалды. Аны дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-августта кол койгону белгилүү болду.

Керимбаева тууралуу азырынча расмий жарыяланган маалымат жок. Ачык булактардан ал 2015-жылы “Республика Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгонун, 2012-жылы Кыргызпантенттин кызматкери катары бул мекемедеги жемкорлук тууралуу айтып чыгып, жумуштан мыйзамсыз алынганын билдиргенин окууга болот.

Динара Молдошева иштен алынган себеби айтыла элек. Ал Кыргызпатентке жетекчи болуп 2018-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин орун басары, өкмөттүн парламенттеги өкүлү, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG