Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Букабаев: Айыл чарбаны өнүктүрүүгө каражат жетишсиз


Уланбек Букабаев.

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган насыялар ойдогудай натыйжа бербей жатканы тууралуу сын-пикирлер арбын.

Фермерлерге берилген насыя пайдалуу болушу үчүн банк кандай кадам жасашы керек? Бул жана башка суроолорго "Айыл банктын" башкармалыгынын башчысы Уланбек Букабаев жооп берди.

- Улан мырза, айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн берилген насыялардын натыйжалуу болбой жатканы тууралуу сын-пикирлер айтылып жүрөт. Бул маселени Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов сиз менен жолукканда да көтөрүп, насыя берүүнүн жобосун өзгөртүүнү тапшырган эле. Жеңилдетилген насыя айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошуусу үчүн "Айыл банк" кандай жолдорду сунуштайт?

- "Айыл банк" мамлекеттик банк. Андыктан биз канчалык деңгээлде дыйкан-малчыларга көмөктөшүп жатабыз, бул маанилүү маселе. "Айыл чарбаны каржылоо" (ФСХ) долбоорунун негизинде быйыл мамлекет тарабынан тогузунчу жыл атайын каражат каралып, мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. сом бөлүндү. Аны долбоор менен иштеген беш банкка таратты. Биздин банкка 2,3 млрд. сом бөлүндү. Мунун ичинен бүгүн биз 1,8 млрд. сомду айыл чарба тармагын өнүктүрүүчү насыя катары элге таратып бердик. Айыл чарба тармагын өнүктүрүүчү насыя арзан үстөк пайыз менен берилет, мамлекет бизге субсидия төлөп берет.

Бүгүнкү күнү депозиттин үстөгү жогорулап жатат. Биз өзүбүз элден депозитке 14% үстөк менен акча алабыз. Насыяны мал чарба, дыйканчылык багытка 8-10%, ал эми кайра иштетүүчү өнөр жайга 6% үстөк менен берип жатабыз.

Башкы маселе - бизге бөлүнүп жаткан каражат. Быйылкы 6 млрд. сомду эле алсак, бул өтө аз. Ошондуктан, биз айыл чарба тармагын өнүктүрүүчү арзан насыяны жеткирүү үчүн мамлекет берген акчадан тышкары, банктын башка булактардан тапкан каражатын да берүүгө мажбурбуз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөткө бир катар сунушубузду бердик.

Кыргызстан агрардык өлкө болгон соң, айыл чарба тармагын каржылоочу атайын бир банк болушу керек. Бул дүйнөдөгү ири өлкөлөрдө да бар. Алардын баары өз өлкөсүндөгү аймактарды өнүктүрүүгө салым кошот. Мисалы, Орусиядагы "Россельхозбанкка" бюджеттен быйыл 29 млрд. рубль бөлүнүптүр.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов быйыл мамлекеттен "Айыл банктын" уставдык капиталына 2 млрд. сом кошумча берилет деп убада кылды. Эгер ошол акча жыл сайын берилип турса, анда бизде айыл чарба тармагын өнүктүрүүчү насыяны үзгүлтүксүз берүүгө мүмкүнчүлүк болмок.

Ушул тапта "Айыл банктын" портфелинде 16 млрд. сом бар. Бирок бул өтө аз ресурс. Мисалы, Кыргызстанда 1800 айылда орточо эсеп менен 300 түтүн бар. Ошол 300 түтүндүн 30 пайызына эле ар бир үй-бүлөгө 1 млн. сомдон насыя берсек, айыл чарба тармагы өнүгөт.

Ал үчүн биздин портфелибиз кеминде 180 млрд. сом болушу керек. 16 млрд. менен 180 млрд. сомду салыштырып көргүлө. Буга жетүү үчүн биз ресурстук база топтоого тийишпиз. Ал үчүн биринчиден, мамлекет тарабынан колдоо керек. Экинчиден, өзүбүз тышкы булактардан каражат издөөгө тийишпиз. Мисалы, ири инвестициялык фонддор менен кызматташып, учурда бир-экөө менен келишим түзүү алдында турабыз. Мындан тышкары Түркиянын, Орусиянын айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган банктары менен кызматташууну максат кылганбыз. Мисалы, Түркиянын айыл чарба багытындагы "Зерат" банкы менен инвестиция боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

- Айыл чарба багытындагы арзан насыяны жер иштетүү, мал-жандыктын башын көбөйтүү максатында алган фермерлер арбын. Алар алган акчасын натыйжалуу, максаттуу иштетүүсү үчүн банк кандай көмөк көрсөтөт? Мисалы, жаз алдында берилген насыя акчаны талаага эгиндин кайсы түрүн айдап, натыйжалуу пайдаланууга болорун же жөнөкөй малдан көрө асыл тукум мал сатып алуунун пайдасы жөнүндө кеңеш бере алабы?

- Биз биринчиден банкпыз. Биздин милдетибиз - насыяны туура берип, аны кайра кайтарып алуу. Насыя берип жаткан учурда аны кайра төлөй алабы же жокпу, ошону аныктоо максатында дыйкан менен малчыдан үйүндөгү малы, айдоо аянттары жана башка мүлктөрү тууралуу маалымат алынат. Эгер шарты болбосо, берилбейт же мүмкүнчүлүгүнө карап төлөй алгыдай сумма гана берилет. Биздин эрежебиз ушундай, Улуттук банктын талабы да ушул.

- Бирок бул жерде банктын гана кызыкчылыгы - берген насыяны үстөгү менен кайтарып алуу максаты гана жатпайбы?

- Туура, банктын кызыкчылыгы. Себеби, "Айыл банк" мамлекеттик банк. Бирок ошол эле учурда бул коммерциялык банк. Коммерциялык ишканада сөзсүз түрдө киреше болушу керек. Мамлекеттик-коммерциялык банк катары “Айыл банк” социалдык тапшырмаларды да чечүүгө милдеттүү. Башка банктарда андай тапшырма жок, алар алыскы аймактарга филиалын ачпайт, элдин кызыкчылыгын эмес, ириде өз кызыкчылыктарын коюшат.

Бизде Кыргызстан боюнча 36 филиалыбыз бар, 160тан ашуун тейлөө түйүндөрү, сактык кассалары, көчмө кассалары бар. Учурда ушулардын баарын жакшыртууга аракеттенип жатабыз. Коммерциялык банктардын арасында айрымдары бар, берген насыясынын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө менен катар, аларга акчаны кандай кылып үнөмдүү пайдаланууну окутуп-үйрөтүшөт. “Айыл банк” да ушундай ишти аткарууга тийиш, бирок азырынча биздин бюджетте бул каралган эмес.

Учурда банк Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен тыгыз иштеп жатабыз. Мен “Айыл банктын” директору болуу менен бирге Айыл чарба министрлигинин коллегиясында мүчөмүн. Тармактагы көйгөйлөр белгилүү, акчаны кайда сарптасак сапаттуу, натыйжалуу болорун иликтеп, иштеп жатабыз. Мисалы, учурда асыл тукум малды лизингге берүүнү баштадык. Буга чейин эт багытындагы 121 бодо мал, сүт багытындагы 93 асыл тукум уйду лизинг аркылуу саттык.

Негизинен дыйкандар бизден алган акчаны жазында үрөнгө, жер семирткичке жана башка керектүү нерсеге жумшайт. Насыя акча башка максатта сарпталып кетпеши үчүн биз ошол эле үрөндү, жер семирткичти же айыл чарба техникасынын тетигин ишканалар аркылуу дыйканга алып берүүнүн жолдорун да караштырып жатабыз. Үрөндүн сапаттуусун, түшүмдүүлүгү мыктысын алып келип саткан ишканалар биздин банк менен кызматташууну кааласа, биз даярбыз.

- Айыл чарба техникаларын, кайра иштетүүчү өндүрүшкө керектелүүчү жабдууларды лизингге берүүнүн шарттары жеңилдейби?

- Айыл чарба техникаларын жана жабдууларды лизингге берүүнү алгачкылардан болуп, Кыргызстанда биз бере баштаганбыз. Тээ башынан бери биздин банк аркылуу 5 млрд. сомго техникалар лизингге берилген. Учурда бизде лизинг портфелибиз 2 млрд. сомдун айланасында. Шарттарды жеңилдетүү үчүн кайра эле бизге каражат керек. Министрлер кабинетинин төрагасынан Экономика жана финансы министрлигине кайтарып берген гранттык лизинг каражатын кайра бизге берсе деп сурандык. Учурда бул маселе каралып жатат. Эгер каржы булагы чечилсе, азыр лизинг боюнча кезекте турган 200дөн ашуун адамга техника бермекпиз.

- Дыйкандарды айыл чарбасына берилген насыяны туура сарптоого окутуп үйрөтүүдөн тышкары банк өзү да кандайдыр бир долбоорлорду каржылашы мүмкүнбү? Мисалы, сугат суу жок жерлерди иштетүү үчүн тамчылатып сугаруу системасын киргизүү сыяктуу долбоорлор дейли.

- Биз азыр ушул сугат суу, тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу боюнча Айыл чарба министрлиги менен чогуу иштеп жатабыз. Желим түтүктөрдү чыгарган ишканаларга насыя берүү аркылуу тамчылатып сугарууну колдонгон дыйкандар болсо, аларга лизинг менен беребизби, бул боюнча тапшырма алганбыз, иштеп чыгышыбыз керек.

- Министрлер кабинети 9-августтагы токтомунда Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлердин жана жарандардын 28-апрелге чейин алган насыяларын кечүүнү сиздерге сунуштады. Бул сунуш аткарылышы мүмкүнбү?

- Баткендеги жаңжалдан жабыркаган ишкерлердин маселеси ар бири өзүнчө каралат. Улуттук банк менен сүйлөшүп, Баткендеги тургундар менен ишкерлердин насыясын кечүүнү чечтик. Башка бизге карыз тараптардын насыясын мөөнөтүн жылдыруу жана башка жолдор менен жеңилдик берүү жолдору караштырылат. Бул жерде элибиз бизди да түшүнүүсү керек. Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө берилген каражаттын баары эле мамлекеттин акчасы эмес. Мамлекет берген уставдык капитал 3,9 млрд. сом болсо, биздин жалпы портфелибиз 24 млрд. сомго жакындап калды. Ортодогу айырма бул башка булактардан, элден депозитке алынган акча. Алардын баарына биз үстөк пайызын төлөп жатабыз.

- Коомчулукта “Айыл банк” айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн гана арзан үстөк менен насыя берет деген түшүнүк бар. Биз билгендей, сиздердин банк башка коммерциялык банктардай эле үстөк пайызы кымбат болгон керектөөчү жана башка насыяларды да берип келет.

- Бул жакшы суроо болду. Мындай түшүнүк жалпы элде эле эмес, ишкерлерибизде да бар. Аларды да түшүнсө болот, “Айыл банктын” баштапкы тарыхы ошондой. 90-жылдары союздагы колхоз-совхоздордон чыккан майда чарбаларды каржылоо үчүн айыл чарбасын колдоочу корпорация түзүлүп, насыялар бериле баштаган. Бирок биз банк болгонубузга 15 жыл болду.

Банк деген бизнес структура. Башка банктардай эле “Айыл банк” да банктык кызматтарды көрсөтүп келе жатат. Бизде бүгүн окууга, саякаттоого, аш-той өткөрүүгө жана башка керектөөлөр үчүн кыска мөөнөттө берилүүчү коммерциялык насыяларыбыз да бар. Айрым учурларда бизден насыя алып, аны аш-тойго жумшаган биздин насыячыларыбызды башкалар түшүнбөй, бизге нааразы болушат. Биз арзан насыя берүүчү гана банк болбой, банк кызматтарын толук кандуу көрсөтүүчү банк болушубуз керек.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG