Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:56

Нарын менен Сырдарыя: суу башындагылар дагы жапа чегүүдө


Сырдарыя Тажикстандын Кожент шаары аркылуу агып өтөт.

Борбор Азиянын эң узун эки дарыясынын тегерегиндеги көптөгөн көйгөйлөр аны жээктей жайгашкан калктын жашоосуна таасирин тийгизүүдө.

Нарын дарыясы Кыргызстандын чыгышындагы бийик тоолордон башат алып, жүздөгөн чакырымдарды тепчип өтүп, Фергана өрөөнүндөгү Кара-Дарыя менен биригет. Эки дарыя Борбор Азиядагы эң узун дарыя – Сырдарыяны түзөт.

Сырдарыя - Борбор Азиянын тарыхында көрүнүктүү орду бар. Ал төрт өлкөнүн аймагы аркылуу агып өтөт. Бүгүнкү күндө дарыянын бул өлкөлөр үчүн мааниси чоң. Быйылкы Борбор Азиядагы кургакчылыктын шартында бул факт ачык айкын болду. Кургачылыктан эгиндер куурап, мал-жандык массалык түрдө кырылды.

Нарын жана Сырдарыянын суу системалары боюнча көптөгөн отчеттордо суунун көлөмү жана суу ресурстарынын айыл чарбасына пайдаланылышы баса белгиленип жүрөт. Ошол эле маалда Кызыл-Кум чөлүнө чейин 2200 километрден ашык созулган дарыяны жээктей отурукташкан калкка азыраак көңүл бурулган.

“Суу ресурстарынын коопсуздугун камсыздоодо боюнча маселеде Борбор Азиянын өкмөттөрү көп сандагы жалпы кызыкчылыктарга эмес, тескерисинче, ажырымга басым жасаган”,- дейт Кыргызстандагы “Нарын-Сырдарыя” онлайн долбоорунун негиздөөчүсү Айбек Самаков.

Анын көмөгү менен түзүлгөн вебсайт бир нече тилде чыгып, дарыянын боюнда жашаган беш жамааттын тажрыйбасы менен бөлүшөт. Ал жамааттар Кыргызстандын Нарын шаарында жана Шамалды-Сай айылында, Өзбекстандын Фергана шаарында, Тажикстандын Кожент жана Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Казалы шаарында.

Айырмага караганда окшоштуктар көп

Самаковдун айтымында, суу башында жашагандар Нарын менен Сырдарыянын жээгинде отурукташкандардын көпчүлүгүнүн жашоо-шарты канчалык окшош экенин түшүнүшү өтө маанилүү.

Нарын дарыясы, Кыргызстан.
Нарын дарыясы, Кыргызстан.

Маселен, төмөнкү аймакта жашагандар адатта суу таңкыс болуп калса, суу башындагыларды күнөөлөйт. Бирок көп учурда суу башындагылар деле таңкыстыктан жапа чегип жаткан болот.

Нарын жана Сырдарыянын боюнда отурукташкан калктын саны улам өсүп, натыйжада муктаждыктар көбөйдү жана суу ресурстарын керектөө да өзгөрдү.

Эки жээкти бириктирген көпүрөлөр

Сырдарыянын сууларын чегинен аша пайдалануунун кесепети кандай болоруна Арал деңизи мисал. Арал деңизинин соолушу экологиялык жана экономикалык чоң бүлгүнгө алып келген.

Арал деңизиндеги катастрофалык көйгөй пахта жана күрүч, эгин талаалары үчүн сууну өтө чоң көлөмдө пайдалана баштагандан келип чыккан. Борбор Азиянын чыгышын жана батышын кесип өткөн Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыя Аралга куйчу. Барып-барып Аму-Дарыянын чоң бөлүгү Аралга жетпей эле айыл чарбасы үчүн бурулуп кете баштаган. Жерлер талап кылынгандай пайдаланылган эмес. 1989-жылдан 2016-жылга чейин сууну көп талап кылган пахта, күрүч жана буудайдын экспорту иш жүзүндө дале өсүп олтурду. Ал эми Арал деңизи соолуп жатат.

Дарыяны жээктей отурукташкан калктын жашоо турмушунда көпүрөлөрдүн салынышы дагы мааниге ээ. Анткени чек аралаш аймактарда калктын саны өсүп, бул райондордогу өткөрмө бекеттерде соода-сатык жанданды.

Эгерде Тажикстандын экинчи ири шаары Кожентти алсак, 1960-жылдарда курулган эки көпүрө Сырдарыянын оң жээгин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мурда бул жерди жашоого жараксыз деп эсептешчү.

Сырдарыянын үстүндөгү көпүрө, Кожент.
Сырдарыянын үстүндөгү көпүрө, Кожент.

Көпүрөлөр конфликт жараткан учурлар дагы бар. Айталы, салык жана жыйымдарды топтоо маселесинен же бийликтин өзүм билемдик чечимдеринен улам бир тараптуу чек аранын жабылып калышы. Мисалы, 2000-жылы өзбек бийлиги Кыргызстандын Кызыл-Жар аймагы менен Өзбекстандын Үч-Коргон аймагын байланыштырган көпүрөнү жаап гана койбостон, аны бузуп салган. Муну “Өзбекстан Ислам кыймылы” экстремисттик тобунун жоочулары кирип келиши мүмкүн деген кооптонуудан улам жасаганы айтылат.

Ошол эле маалда эки тараптагы элдин биргелешкен аракети, маселен, көпүрөнү биргелешип оңдоп-түзөө сыяктуу иш-чаралар дарыянын эки жээгиндеги этникалык жаңжалдар катталган айрым райондордо элдин ынтымганы бекмедейт.

Бул Борбор Азиядагы улуу дарыяларды жээктей отурукташкан эл жана ал жердеги жергиликтүү бийлик кабылган көптөгөн кыйынчылыктардын бир гана мисалы.

Кургакчылык кесепети: жаан жок, суу жок, чөп тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:15 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG