Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мэр шайлоо 26-августта өтөт


БШК имараты.
БШК имараты.

Шаардык кеңештерине кайра шайлоонун жыйынтыгы расмий таанылган Бишкекте, Ошто жана Токмокто мэр шайлоо 26-августта өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аймактык комиссияларга шайлоону мыйзам чегинде жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштуруу тапшырмасы берилди.

Бишкекте шаардык кеңештеги 45 мандаттын 11и «Эмгекке», тогузу «Ата-Журт Кыргызстанга», сегизи "Ишенимге", жетөө "Ынтымакка", бешөө "Өнүгүү-Прогресске" жана дагы бешөө "Социал-демократтарга" тийген.

Ошто 45 мандаттын 19у “Ата-Журт Кыргызстанга”, 15и “Биздин Кыргызстанга”, жетөө “Улуттар Биримдигине”, төртөө “Бир Болго” ыйгарылган.

Токмокто "Бирге-Вместе" партиясына тогуз, "Эмгекке" сегиз, "Асыл Мурас-Жаштарга" беш, "Патриот Ынтымагына" беш жана "Эл Биримдигине" төрт мандат тийген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар. Алар жети пайыздык шайлоо босогосунан өтө алышты.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG