Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

12-августтун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

12-августта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 25…30;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында да жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG