Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Кыргызстандын элчиси АКШдан жардам сурады


Бактыбек Аманбаев жана Жим Куликовски. 2021-жылдын 6-августу.
Бактыбек Аманбаев жана Жим Куликовски. 2021-жылдын 6-августу.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Америка бийлигинен өлкөнү өнүктүрүү программаларына көмөктөшүүнү суранды. Расмий Бишкек АКШ менен кызматташтык тууралуу келишимин алты жыл мурда үзүп койгон.

Андан бери эки президент алмашса дагы жаңы документ кабыл алына элек. Ушундай жагдайда кыргыз тараптын Вашингтондон колдоо күтүп жатышы талкуу жаратты.

Элчинин аракети жана ага берилген баа

Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси Бактыбек Аманбаев августтун башында Кошмо Штаттарда түрдүү рангдагы расмийлер менен удаа жолугушууларды өткөрдү.

Ал 4-августта АКШнын Тынчтык корпусунун директорунун милдетин аткаруучу Кэрол Спан, 5-августта Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештеринин стратегиялык өнүгүү боюнча улуу вице-президенти Майкл Кёртис менен жолукту.

Элчи 6-августта АКШнын Мамлекеттик департаментинин Европа жана Евразия иштери боюнча бюросунун АКШнын Европа жана Евразияга жардам берүү боюнча координатору Жим Куликовски менен кездешти.

Спан жана Кёртис менен жолугушууларда сөз кызматташуунун конкреттүү багыттары жөнүндө жүрсө, Куликовски менен сүйлөшүүдө Аманбаев аталган өлкөдөн жардам сурады.

Соңку жолугушуу тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 9-августта маалымат таратты.

Бактыбек Аманбаев
Бактыбек Аманбаев

"Жолугушуу учурунда Бактыбек Аманбаев соңку жылдары өлкөдө орун алган саясий окуялар менен тааныштырып, Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы жана өнүктүрүү программалары тууралуу маалымат берди. Өз сөзүндө Аманбаев президент Садыр Жапаровдун башкы максаты жакынкы келечекте кыргыз экономикасын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын ачууга жетишүү экендигин баса белгиледи. Ал үчүн кыргыз бийлиги өлкөнүн бардык тармактарында, тагыраак айтканда, мамлекеттик башкаруу, экономика, сот, билим берүү, энергетика тармактарында системалуу реформаларды ишке ашырууга кызыктар экендигине токтолду. АКШнын өкмөтүнөн биринчи кезекте жогорудагы тармактарды жакшыртууга көмөк көрсөтүүсүн сурады. Андан аркы сөзүндө Аманбаев АКШ Кыргызстанда ишке ашырып жаткан билим берүү тармагындагы долбоорлорунда жана жогоруда белгиленген тармактар боюнча адистердин билим тажрыйбасын жакшыртууга колдоо көрсөтүүсүн өтүндү. Ал эми Жим Куликовски өз сөзүндө жогоруда белгиленген тармактар боюнча Кыргызстанга мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, Америка тарап демократиялык баалуулуктарды колдоону жана өнүктүрүүнү уланта берерин кошумчалады",- деп айтылат мекеменин билдирмесинде.

Аманбаев менен Куликовски баарлашуу учурунда дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда коронавирустун жайылышына каршы жана пандемиянын экономикалык кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди да талкуулашты. Маалыматта Куликовски "Америка Кошмо Штаттары башка өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга вакциналарды берүүнү улантарын" айтканы белгиленет.

Бактыбек Аманбаев элчилик кызматка быйыл апрелде дайындалган. Ал анда эки жылча олтурган Болот Отунбаевдин ордуна барган.

Эки-үч ай ичинде Аманбаев бир нече кездешүүлөрдү өткөрдү, бир катар жыйындарга катышты. Бирок анын соңку аракети коомчулукта, айрыкча социалдык түйүндөрдө талаш жаратып жатат.

Талдоочу Эмил Жороев андагы аргументтерди чечмелегенге аракет кылды:

Эмил Жураев
Эмил Жураев

"Жаңы эле дайындалып, ишине киришкен элчи Аманбаевдин бул жолугушуусу жана Кыргызстандагы реформаларды колдоого АКШдан жардам сурагандыгы бир чети күтүлбөгөн нерсе болду. Кыргызстандын тышкы саясатынын нугуна, тонуна караганда дегеним. Бирок ошол эле кезде биздеги саясий кырдаалды, башкаруудагы баш-аламан аракеттерди билебиз, жооптуу кызматтагы адамдардын бири-бирине келишпеген кадамдарын да көрүп жатабыз. Андыктан элчинин да аракетине салмак берип, артынан бир маани издөөгө шашпас элем. Эгер биздин жетекчилик АКШ менен кызматташууда чынында ушундай ниетте болсо, анда эки мамлекеттин ортосундагы сууп калган мамилени оңдоодон башташы керек эле. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин канча күч жумшаганына карабай, мисалы, ошол эле 2015-жылы жокко чыгарылган маанилүү документ дагы деле ордунан жылбай турат".

Үзүлгөн келишим

1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимди кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. Бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, Темир Сариев премьер-министр болуп турган учурда ишке ашкан.

Мындай кадам АКШнын Мамлекеттик департаменти өмүрүнүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровго "адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн" деп аталган сыйлык ыйгарганына байланыштуу кабыл алынган.

Андан бери жаңы келишим даярдалып жатканы улам кабарланып жатты. Бирок президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүндө да (2017-2020), президенттикке Садыр Жапаров келгенден бери да жаңы келишимдин тагдыры чечиле элек.

Келишимди бекитүүгө үч жылдай жан үрөгөн АКШнын Кыргызстандагы мурдагы иэлчиси Дональд Лу кызматтан кетеринде да документ "мына-мына кабыл алынат" деген үмүт менен кетти. Дипломатиялык миссиясын жыйынтыктап жатып "Азаттыкка" курган маегинде да ал ушундай ою менен бөлүшкөн эле:

Дональд Лу
Дональд Лу

"Мен аталган келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн көп жылдан бери эмгектенип келген адистерди абдан сыйлайм. Биз техникалык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара алдык. Эми келишимге кол коюу үчүн Бишкек менен Вашингтондун саясий эрки гана керек. Эки тарапта тең саясий эрк бар экенин көрүп турам",- деген Дональд Лу быйыл 13-майда.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү жаңы документти кабыл алуу кайсы стадияга келип калганын тактай алышкан жок. Алар маселе жаңы элчи дайындалгандан кийин "жылышы мүмкүн" деп эсептешет.

Кыргызстандын президенттик администрациясы, ТИМ да бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Башка жагынан алганда, келишимдин жаңыра электиги Вашингтон менен Бишкектин мамилесинин бир гана өңүтү. Кыргызстанда демократияга шек келтирген мыйзамдык-укуктук актылардын кабыл алынышы ымалага дагы бир индикатор катары кызмат кылат десек болот.

АКШ өкмөтү Кыргызстанда Конституциянын жаңыланышына жана ага байланыштуу чараларга тыкыр баам салып турду. Вашингтон "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" (мурдагы "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө") мыйзамдын жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына да сереп салып келди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти ал тургай бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды айыптаган билдирүү да тараткан.

"Реформа" партиясынын лидери, саясатчы Клара Сооронкулова мындай үн кошту:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Сөз жок, ошол эле кызматташтык келишимди үзүп салгандан кийин да АКШ USAID, БУУ жана башка уюмдардын линиясы аркылуу Кыргызстанга тынымсыз жардамдарды берип келди. Жардамын алабыз да, келишимди дагы деле жаңырта элекпиз. Башка маселе, азыр жарандык коомду улам эле каргап-шилеп, "НПОчулар, батышчылдар", "Америка каржылап жатат" деген саясат күч алып жатат. Бул мындай, катардагы жарандардын арасында эле эмес, мамлекеттик деңгээлдеги саясаттын бир бөлүгү болуп калды. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынганы, коммерциялык эмес уюмдарга чабуул жасалганы ага далил. Анан туруп-туруп эле элчинин кайра Америкадан жардам сурап жатканы ушул "мамлекеттик саясатка" каршы келип жатпайбы. Бул эки жүздүүлүк да. Өлкө каржыга муктаж болуп жатса, өкмөткө жардам керек болуп жатса анда жакшына дипломатиялык жол менен мамиле жасаш керек. А бирок андай мамилеге Орусия жол бербей коюшу мүмкүн. Анткени, Кыргызстан Москвага көз каранды, Вашингтон менен мамилебиз оңолуп кетсе, аларга жакпай калышы мүмкүн".

Садыр Жапаров 28-январда президенттикке расмий киришип жатып, "Кыргызстан тышкы саясатында көп векторлуу багытынан тайбай турганын" билдирген. Президент анын тушунда өлкө "Американын, Европанын жана Азиянын мамлекеттери менен кеңири кызматташууга умтуларын" белгилеген.

Албетте, Жапаровдун иштегенине жарым жылча эле болду, азырынча ал Европа континентинен Орусияга эле барып-келбесе, көбүнчө чет элдик сапарларын Азиянын чегинде гана жасады.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG