Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Ош шаарынын мэри ишкерлерди коомдук транспорт көйгөйүн чечүүгө чакырды


Артем Новиков
Артем Новиков

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков Ош шаарындагы жана Ош облусундагы ишкерлер менен жолукту. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жыйында ишкерлерди ипотекалык турак жай боюнча долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга чакырды. Андан сырткары жаш ишкерлердин стартаптарын колдоону жана газ менен жүрүүчү автобустарды киргизүүнү сунуштады.

"Менин дагы социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар сунуштарым бар. Биринчиден, бул ипотекалык турак жай, жаш ишкерлердин стартаптарын колдоо. Ош шаарындагы курч көйгөй - коомдук транспортту жаңылоо. Мен бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн бул багытта кызматташууга чакырам. Биз сиздерге шаарды айланып өтүүчү даяр маршруттарды берүүгө, газ менен жүрүүчү автобустарды киргизүүнү кароого даярбыз. Биз биргеликте шаар калкына сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашыра алмакпыз", - деди Мамбетов.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков долбоорлорду бирге ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

"Биз коомдук транспортту жакшыртуу долбооруна активдүү кошулууга даярбыз. Андан сырткары муниципалитет жер тилкелерин берсе, жарандарга жеткиликтүү социалдык турак жай менен камсыз кылуу маселесин иштеп чыгабыз", - деди Новиков.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан Ош облусунда жалпы 22 млн. долларлык 280 бизнес долбоор каржыланган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Расмий маалыматка ылайык, фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган.(MrA)

XS
SM
MD
LG