Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:22

АКШ: аялдарга ыдык көрсөткөнү айтылган губернатор кызматтан кетет


АКШ. Нью-Йорк. Эндрю Куомо
АКШ. Нью-Йорк. Эндрю Куомо

АКШнын Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо 10-августта телекайрылуу жасап, эки жумадан соң кызматын тапшырып берерин жарыялады.

Ал сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталып жаткан шартта мына ушундай кадамга барууга аргасыз экенин жана бул абалдан чыгуунун бирден-бир жолу экенин айтты.

Ошондой эле, 63 жаштагы Эндрю Куомо эч убакта аялзатына урматсыздык кылбаганын белгилеп, ага тагылып жаткан айыптоону саясий оюн деп атады.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомону кызматтан кетүүгө чакырган. Буга губернатордун сексуалдык ыдык көрсөтүү жоруктарын иликтеген штаттын прокурорунун тыянагы негиз болгон.

Нью-Йорк штатынын прокурору Летиция Жеймс 3-августта Эндрю Куомо боюнча иликтөө аяктаганын кабарлаган. Тергөө анын бир нече аялга, алардын арасында кол алдында иштеген мамлекеттик кызматчыларга да сексуалдык ыдык көрсөткөнүн аныктаган. Анын тыянагында губернатордон жалпысынан 11 аял жабыркаган.

АКШнын мурдагы прокурору Жун Ким менен биргеликте иликтөө тобун жетектеген Энн Кларк айыптоо күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана жөнөтүлгөн тексттер сыяктуу түз далилдер аркылуу ар кайсы деңгээлде тастыкталганын айткан. Тергөө тобу 179 адамды суракка алган.

Суралган аялдардын көбү Куомонун өч алуусунан коркуп, анын жүрүм-турумун ачык айта албай келишкени боюнча тергөөгө көрсөтмө беришкен.

63 жаштагы Эндрю Куомо Нью-Йорк штатын 2011-жылдан бери башкарат. Ал Демократиялык партиянын өкүлү. 2010-жылга чейин ал бул штаттын башкы прокурору болчу.

Өткөн жылы бир нече аял Куомону сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптап, арызданган. Ал айыптоолорду четке кагып, партиялаштарынын кызматтан кетүү сунушунан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG