Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Түркия: качкындарга каршы чагымдар күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын башкалаасы Анкаранын Алтындаг районунда шейшембиде сириялыктар менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда калайман мушташ чыгып, 18 жаштагы түрк жигит каза болгону кабарланды. Окуядан кийин аймакта чыңалуу күч алып, шаршембиде сириялык качкындардын дүкөндөрү таш бараңга алынды.

10-августта түндө Анкара шаарынын Алтындаг районунда жашаган сириялык качкындар менен жергиликтүү жаштар арасында жаңжал чыккан. Анда эки түрк жигит бычакталып, 18 жаштагы Эмирхан Ялчын шаршембиде ооруканада көз жумганын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Чыр-чатак башталгандан бери Анкаранын полиция кызматы 400 миң киши жашаган районду толугу менен курчоого алып, ар түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоону эскертти.

Деген менен бул окуядан соң Алтындаг районунда жөө жүрүш уюштурулуп, бул райондо жашаган сириялыктардын үйлөрү жана дүкөндөрү талкаланганы кабарланды.

Соцтармактарда тараган сүрөттөрдө айрым турак үйлөр, дүкөн, кафелер, автоунаалар өрттөлүп же айнектери сынганын көрүүгө болот.

Бирок Анкара шаардык коопсуздук башкармалыгы автоунаалар өрттөлүп, имараттар талкаланбаганын расмий билдирип, чагымчыл билдирүү тараткандар жоопко тартыларын эскертти.

"Мындай чагымчыл билдирүүлөрдү жана сүрөттөрдү тараткандарга карата териштирүү иши башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми бийликтеги Ак партиянын төрагасынын орун басары Лейла Шахин Уста "Твиттерде" "Күнөөсүз балдарга провокация менен кол салуу акылга сыйбайт. Бир кишинин жасаган кылмышы менен башкалар жапа чекпеши керек. Ким күнөөлүү болсо, ал тиешелүү жазасын алат. Биздин биримдигибизди бузууга аракет кылгандарга мүмкүнчүлүк берилбеши керек", - деп жазды.

Анткен менен акыркы апталарда Түркияда качкындар маселеси соцтармактарда кызуу талкууланып, айрым белгилүү түркиялыктар "сириялык, ооганстандык качкындарды өлкөмдө көргүм келбейт" деген билдирүүлөрдү жазышты. Шейшембиде Анкарада чыккан калайман мушташ бул агрессияга от тамызгандай болуп, мындай өңүттөгү реакциялар байма-бай тарап жатат.

Кемал Кылычдароглу
Кемал Кылычдароглу

Оппозициячыл Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу "Твиттерге" мындай деп жазды:

"Биз бул качкындар маселесин чечебиз жана албетте муну акыл менен гана жасайбыз. Конокторубузду ыр-күү менен жөнөтөбүз. Тынчтыкты сактаңыздар жана бизге ишениңиздер", - деп жазып, качкындарды кайра өлкөлөрүнө жөнөтөрүн керектигин кыйытты.

Ал арада улутчул позицияны колдогон "Саадет" партиясынын лидери Темел Карамоллаоглу, тилекке каршы, Түркия качкындар жана чек ара коопсуздугу жагынан алсыз болгонун, атайын миграциялык комиссия түзүлүшү керек экенин айтат.

Темел Карамоллаоглу
Темел Карамоллаоглу

"Акыркы убакта күн тартибиндеги эң курч маселенин бири - качкындар көйгөйү. Тилекке каршы, өкмөт жана айрым оппозиционерлер бул көйгөйдүн сыноосунан өтө албай жатышат. Мен дароо эле баса белгилеп кетким келет, өкмөттүн Сирия менен Ооганстандын саясатын сындоосу башка нерсе, ал эми сириялыктар менен оогандарды сындоо - бул башка нерсе. Бул маселе боюнча биздин өлкөдө олуттуу башаламандык бар, кээ бирлери качкындарды дароо жөнөтөбүз дешсе, кээ бирлери Европа Биримдиги менен келишим түзөбүз дешет", - деп билдирди Карамоллаоглу.

Президент Режеп Тайып Эрдоган
Президент Режеп Тайып Эрдоган

Президент Режеп Тайып Эрдоган шаршембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "Түркия ар кимди киргизе турган мейманкана эмес экенин" эскертти.

"Ар бир адам Түркия кирип чыга бергидей жатакана эмес экенин билиши керек. Биз мунун баарын өлчөп, ошого жараша кадам таштайбыз. Айрым социалдык тармактарда айтылгандай, биздин чек арадан мыйзамсыз миграция агымы жок", - деди Эрдоган.

Ал ошондой эле, Иран жана Ирак менен чек ара аймактарына дубал курулуп жатканын, муну менен Түркияга кирген мыйзамсыз миграциянын агымын алдын аларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери, жүз миңдеген качкындар Түркиянын чегине жетип, андан ары Грекия өңдүү Европа өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылып келишет.

2021-жылы жарыяланган расмий маалыматтар боюнча Түркияда 4 миллионго чукул сириялык баш калкалайт. Алардын 100 миңдейине туруктуу жашоого уруксат берилсе, дагы 150 миңдей сириялык түрк жарандыгын алаган. Өлкөдө сириялыктардан башка расмий качкын статусун алган 100 миңдей ооганстандыктар бар экени айтылат. Анткен менен серепчилер дагы 500 миңдей ооганстандык качкын Түркияга мыйзамсыз кирип, кооптуу жагдай жаратып жатышканын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG