Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Интернет ишкерлерден салык алуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана каржы министрлиги интернет айдыңында соода кылган жана кызмат көрсөткөн ишкерлерди көзөмөлдөөнү көздөөдө.

Министр Акылбек Жапаровдун 12-августта маалымдаганы боюнча учурда бул тармакта иштегендердин саны 55 миңге чамалуу.

"Булардын ичинен Салык кызматынын каттоосунда 11 миң ишкер турса, салыкты болгону 7-8 миң адам гана төлөйт", - деди Жапаров.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров максат экономикадагы терс көрүнүштөргө каршы ыкчам чара көрүү экенин айтып, негизги багыттардын бири салык чогултуу болуп жатканын белгиледи.

12-августта экономикадагы өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам долбоору талкууланды.

Министрлер кабинети экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунуш кылып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үч окууда тең жактырылган.

10-августта Кыргызстандагы 70тен ашуун бизнес-ассоциациянын башын бириктирген уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып, экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырган. Уюм, мыйзам долбооруна вето коюлуп, бардык тараптардын талкуусуна коюлушу керек деп эсептейт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG