Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Орусияда "мыйзамдагы ууруну"  ​​​​​​​актаган өкүм жокко чыкты


Орусия. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо. 25-сентябрь, 2019-жыл,.
Орусия. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо. 25-сентябрь, 2019-жыл,.

Москванын апелляциялык соту 48 жаштагы Грузиянын тургуну, "Тенго Потийский" деген лакап ат менен белгилүү Тенгиз Гигиберияны кылмыш дүйнөсүндөгү “мыйзамдагы ууру” макамы боюнча актаган сот өкүмүн жокко чыгарды.

Кылмыш дүйнөсүндө “мыйзамдагы ууру” макамы үчүн камакка алынган Тенгиз Гигиберияны 4-июнда Липецк облустук соту далилдер жок деген негизде актаган.

Бирок тергөө Тенгиз Гигиберия “мыйзамдагы ууру” деген макамга 1997-жылы эле ээ болуп, аны уюшкан кылмыштуу топторунун жашыруун жыйындарында пайдаланып келгенин далилдеген.

Орусиянын Кылмыш-жазык кодексине 2019-жылы апрель айында “кылмыш дүйнөсүнүн романтикасын даңазалоого жана криминалдык иерархия боюнча “кылмыштагы ууру” сыяктуу макам ыйгарылган жана анысынан пайдаланган криминалдык төбөлдөрдүн жоопкерчилигин караган беренелер топтому киргизилген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG