Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Шойгу: Талибан Борбор Азияга кол салбоого убада берген


Сергей Шойгу. Орусиянын коргоо министри.
Сергей Шойгу. Орусиянын коргоо министри.

Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарын басып алган Талибан кыймылы Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөргө кол салбоого убада берген.

Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жаштардын Бүткүл орусиялык билим берүү форумунда билдирди.

Шойгунун айтымында, талибдер кошуна жайгашкан мамлекеттердин чек арасын бузуп кирип, бул өлкөлөргө кол салууга барбайт.

Буга чейин Талибандын өкүлдөрү Москвага келип, тиешелүү жогорку кызмат адамдары менен жолугуп кеткен.

Талибандын Тажикстан менен чектеш Кундуз жана Бадахшан провинцияларына көзөмөл орнотконун Сергей Шойгу Ооганстан тараптан ыктымал кол салуу коркунучунун алдын алуу үчүн жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында Орусия союздаш саналган Борбор Азия мамлекеттеринин аскерлерин күчтөндүрүүгө жардам бере турганын айтты.

"Мурдатан Ооганстан аркылуу мыйзамсыз маңзат соодасынын кооптуулугу жана Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстанга террористтердин кирип келүү коркунучу бар болчу. Эми биздин союздаштар бардыгына даяр турушу үчүн биз болгон күч-аракеттерди жумшайбыз", - деди Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Өткөн жумада Талибан Ооганстандын 34 провинциясынын тогузунда толук көзөмөл орноткону ырасталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG