Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Талибан Орусия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн жарыялады


Молдо Абдул Гани Барадар. Талибандын саясий жетекчиси.  
Молдо Абдул Гани Барадар. Талибандын саясий жетекчиси.  

Орусиянын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын расмий өкүлдөрү Талибандын саясий жетекчиси молдо Абдул Гани Барадар менен жолугушту.

Бул жолугушуу Талибандын жоочуларынын кол салуулары күчөп, Ооганстандын улам жаңы аймактары менен шаарларын басып алып жаткан учурга туура келди.

Талибан кыймылынын өкүлү Забиулла Мужахид бул сүйлөшүүлөрдүн өзөгүн Ооганстандагы кырдаал түзгөнүн айтып, ага Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вафо Хожиев, Өзбекстандын президентинин өкүлү Исматулло Иргашев катышканын ырастады.

Анда ал Ооганстан менен Борбор Азиянын ортосундагы соода алакасы тууралуу сөз болгонун кошумчалады.

Талибандын башка бир өкүлү Сухайл Шахин Твиттерге саясий жетекчи Абдул Гани Барадар жакында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстан боюнча чабарманы Замир Кабуловду кабыл алганын жарыя кылды. Бул жолугушууда эмне тууралуу сөз болгону айтылган эмес.

Буга чейин Талибан кыймылы Ооганстандагы улам бир жаңы аймактарды жана шаарларды басып алып, ал жактарда өзүнүн тартибин киргизип, сотсуз эле карапайым калктын арасында өлүм жазасына тартуу өкүмдөрүн аткарып жатканы сынга алынган.

«Зомбулуктун деңгээли аябай жогору. Кабарларда айтылгандай, жырткычтык фактылары көңүл иренжитет. Бул өзүнүн мекендештерин, биринчи кезекте аялдар менен балдарды аябаган мыкаачылык менен күч көрсөтүүнүн далили. Эгерде зомбулук улана берсе, анда Талибан эл аралык колдоого ээ болбойт», - деди АКШнын Мамлекеттик департаменттинин өкүлү Нед Прайс.

Буга чейин Орусиянын жана Түркмөнстандын бийлиги аталган өлкөлөрдө террористтик жана экстремисттик уюм катары ишмердигине тыюу салынган Талибан кыймылынын лидерлерин Москвада жана Ашхабадда жогорку даражалуу расмий кызмат адамдары катары кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG