Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Казакстан Кыргызстанга гумжардам иретинде күздүк буудай үрөнүн берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казак өкмөтү Кыргызстанга 1 миң тонна күздүк буудай үрөнүн бөлүп берүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу 12-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматынын маалыматына караганда, түшүмдүүлүгү жогору үрөн гуманитардык жардам иретинде гранттык жардам катары берилет.

Министр Казакбаев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга көрсөтүп жаткан жардамы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанда буудайдын наркы бир жылда дээрлик 40% кымбаттады. Былтыр килограммы 20 сом турса, быйыл орточо 29-30 сомдон сатылып жатат. Импорттук дан азыктарына көз каранды өлкөдө бул жагдай кооптонууну жаратууда. Быйыл кыргыз фермерлеринин түшүмү кыйла кыскарарын талдоочулар айтып жатышат.

Өкмөт ун ташып келүүчүлөр кошумча нарк салыгынан 1-августтан тартып бир жылга бошотулганын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG