Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:57

Бакыт Төрөбаев Кыргызстан ЕАЭБден тапкан зыянды тизмектеп берди


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин бир катар көйгөйлөргө туш болду деп эсептейт.

21-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал өкмөттү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырып, ЕАЭБдин алкагында кыргызстандык ишкерлер ишин илгерилете албай жатканына токтолду:

- ЕАЭБ алкагында акча каражатынын эркин өтүшүнө чек болду. Ун кымбаттап, ун тармагы жок болду. Айыл чарба продукциясы Орусиянын чек арасынан кайра келип жатат. Кечээ автоунаалардын бажы төлөмү боюнча сунуш, тилекке каршы, өтпөй калды. Текстиль тармагын да мындай акыбал менен эртең жоготобуз.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG