Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Абылгазиев: Чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуп жатышат


Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште. Архивдик сүрөт.
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште. Архивдик сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы чоң мамлекеттер ортодогу негизги келишимди бузуп, бут тосуп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу 5-февралда парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

«Бул жерде «чоң мамлекет чоң чечет, кичине мамлекет баш ийет» болуп жатат. «Менин чек арамда менин ыйгарым укуктарым көп» деген мамиле. Мен муну казак премьер-министри Маминге да ачык айттым. Жакшы жетишкендиктер бар, бирок элге бут тосмой, акча которууну азайтмай, кирип жаткан товарларды кайра текшермей… Мисалы, Европа Биримдигинде бардык чечимдер бүт мамлекеттерде аткарылышы керек, а бизде чечим чыгарып, аткарбай жатабыз - бузуп, чек араны тосуп».

Ошону менен катар Абылгазиев жакшы тенденция байкалып жатканын айтып, «2019-жылдын жыйынтыгы менен биздин бюджет жалпысынан 17,1 миллиард сом алды. Бул 2018-жылга салыштырганда 5,7% көп» деп билдирди.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылдан кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулуп, ал азыркы аталышына ээ болгон.

Бир катар жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салык иретинде түшкөн каражаттын азайышын жана биримдиктин жалпы рыногуна кирүүдө кыйынчылыктар көп болгонун айтып жүрүшөт.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жакында ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн экономикасы оңолуп жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG