Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Прокуратура “Головной” суу бөлүштүрүү жайын оңдоодо акча уурдалганын билдирди


Головной суу бөлүштүрүүчү жайы.
Головной суу бөлүштүрүүчү жайы.

Башкы прокуратура Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталганын билдирди.

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүргүч жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн жарыяланган тендерде жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1,6 млн. сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объектиде оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес.

Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендерди өткөрүүдө жооптуу кызматкерлер тендерде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен кеткен ашыкча чыгым 602 503 сомду түзгөн.

Мындан сырткары, аталган башкармалыктын кызматкерлери 651 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 2 916 880 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак, ал Ички иштер министрлигинин атайын кайтаруусунда турат.

“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштап, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Головнойдо" тутанган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG