Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Окуу чейректеринин жана каникулдардын мөөнөтү өзгөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы окуу жылы быйыл 15-сентябрда кадимки тартипте башталат, ошого байланыштуу каникулдардын жана “Акыркы коңгуроо” күнүнүн да мөөнөтү өзгөрдү. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 13-августта билдиргендей, мектептер мурдагыдай тартипте иштөөсүн улантат.

Биринчи чейрек 5-ноябрда аяктап, 8-14-ноябрь каникул болот. Экинчи чейрек 31-декабрда аяктап, андан кийин балдар 10 күн эс алат. Үчүнчү чейрек 18-мартта жыйынтыкталып, 21-27-март каникул болот. Ал эми төртүнчү чейрек 8-июнда аяктап, “Акыркы коңгуроо” 9-июнда өтөт.

Коронавируска байланыштуу 2020-жылдын мартында жабылган мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлар толук ачыла элек. COVID-19 вирусу 170 миңден ашуун кыргызстандыкка жукту, алардын 2,3 миңден көбү каза болду. Көз жумгандардын алтоо бала экенин Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбор быйыл 27-июлда билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG