Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

"Головной" ИИМдин атайын кайтаруусунда турат


Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайы.
Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайы.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы "Головной" тилкесинде суу
бөлүштүрүүчү жайдын жанына Тажикстан видеобайкоо орноткону тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Мекеме Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" стратегиялык аймак экенин жана ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын кайтаруусунда турганын билдирди.

Ушул жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытуудан талкаланып, жараксыз болуп калган.

Милиция талкаланган жерлер калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу үчүн эки тарап тең өз аймактарына видеобайкоо орнотконун кабарлады.

Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Баховаддин Баходурзода 19-июлда видеобайкоочу камера “Головнойдон” он метрдей Тажикстан тараптагы даракка орнотулганын “Озоди” радиосуна билдирген. Ал видеобайкоочу камера суу бөлүштүрүүнү жана суунун деңгээлин көзөмөлдөө үчүн зарыл экенин, ал эки өлкөнүн чек арасын аныктабай турганын айткан.

“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.

Өкмөттүн ошол кездеги Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайды чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылганын, бирок Кыргызстан ал сунушка макул болбогонун билдирген.

28-30-апрель, 1-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Головной" суу сактагычында тутанып, ал куралдуу кагылышка айланган. Анда 36 кыргызстандык курман болгон, ондогон турак-жай талкаланып, өрттөлгөн. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG