Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Ош облусун Зиядин Жамалдинов жетектейт


Зиядин Жамалдинов
Зиядин Жамалдинов

Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын расмий сайтына жарыяланды.

2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Ош облусунун жетекчилигине Жарасул Абдураимов дайындалган эле. Ал кызматка келгенден кийин ишкерлерге 10 бизнес долбоор сунуштап, ал толук ишке ашкан эмес. Ал ортодо Абдураимов экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды.

Зиядин Жамалдинов 2015-жылдан 2020-жылга чейин "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылы августта өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган.

Өткөн жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер болгон.(MrA)

XS
SM
MD
LG