Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Киев менен Варшава "Түндүк агым-2" долбооруна каршы чыкты


Германия. Орусиянын газын Украинаны айланып алып өтчү "Түндүк агым-2" газ кууру.
Германия. Орусиянын газын Украинаны айланып алып өтчү "Түндүк агым-2" газ кууру.

Украина менен Польшанын тышкы иштер министрлери Дмитрий Кулеба жана Збигнев Рау Германия менен АКШнын "Түндүк агым-2" газ куурун аягына чейин бүтүрүү боюнча макулдашуусуна каршы биргелешкен билдирүү жасашты. Ал Польшанын жана Украинанын Тышкы иштер министрликтерининин расмий сайттарына жарыяланды.

Алардын айтымында, "Түндүк агым-2" долбоорунун курулушу кризисти тереңдетип, Украина жана Борбордук Европа үчүн энергетикалык жана саясий-аскердик кошумча коркунучтарды жаратат”.

Ошондой эле, билдирүүдө курулушту улантуу Европадагы коопсуздукка терс таасирин тийгизип, НАТО менен Евробиримдиктин ичиндеги пикир келишпестикке алып келери айтылган.

Киев менен Варшава Европадагы коопсуздуктун тең салмагын калыбына келтирүү үчүн "Түндүк агым-2" долбоорунан көп жабыркай турган өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен сүйлөшүү зарыл деп эсептейт.

Буга чейин Германия менен АКШ америкалык санкцияларды киргизбей туруп, "Түндүк агым-2" газ кууру долбоорун аягына чыгарууну макулдашкан.

Ошол эле кезде Вашингтон менен Берлин Орусиянын газын Украина аркылуу алып өтүү келишиминин мөөнөтүн 10 жылга узартууга жетишерин белгилешкен. Бул келишимдин мөөнөтү 2024-жылы аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG