Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Парламент президент сунуштаган төрт мыйзам долбоорун артка кайтарды


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында президент Садыр Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Алар: “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлору.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” долбооруна ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмүн президент аныктайт. Анын төрагасын, орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент дайындайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат. Аткаруу бийлигинин башчысын жана анын мүчөлөрүн президент кызматтан бошотот.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” документке ылайык, акимди президент дайындайт жана кызматтан бошотот. Анын орду саясий кызмат болуп эсептелет. Ал да кол тийбестик укукка ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө же жеке кароого алынышы мүмкүн эмес. Ал президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлорунда көбүнчө мамлекеттик кызматкерлердин аткара турчу иштери тууралуу түшүндүрмөлөр жазылган.

Бул документтер парламентте депутаттардын катуу сынына кабылып, бир катар эл өкүлдөрү аны четке кагууну сунуштады. Долбоорду күн тартибинен алып салуу тууралуу сунуш өтпөй калып, кайра иштеп чыгуу боюнча кийинки демилге колдоо тапты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG