Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Бир суткада коронавирустан 12 бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 22-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 12 бейтап көз жумду. Бишкекте алты, Чүйдө төрт, Нарын менен Баткенде бирден киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 217 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 169 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 760 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 153 878 адамга жетти. Андан 130 742 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 356 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 226 бейтаптын абалы өтө оор, 1 224 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 29 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 267 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 499у сакайды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG