Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан беш киши мүрт кетти


Бишкек-Иссык-Көл автожолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Иссык-Көл автожолу. Иллюстрациялык сүрөт.

21-июль күнү кечинде Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда Lexus жана Mitsubishi машиналары кагышып, беш киши мүрт кетип, дагы беш адам жаракат алып аймактык ооруканага жаткарылды. Чырпыкты айылында болгон кырсыкта каза болгон беш киши тең Mitsubishi автоунаасында бара жатышкан.

“Бул жол кырсыгы Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деди жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. 4000ден ашык адам жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.

10-июлда эле Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG