Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Марипов: кооптуу аймактардан элди көчүрүүнү тездетүү керек


Улукбек Марипов 21-июлда Баткенге эки күндүк сапар менен барды.
Улукбек Марипов 21-июлда Баткенге эки күндүк сапар менен барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткенде селден зыянга учураган айылдарды кыдырып, табыгый кырсыктын кесепетин жоюу иштери менен таанышты. Анда кооптуу аймакта жашаган жарандарды көчүрүү маселесин чечүүнү тездетүү зарылдыгын айтты.

“Мындан ары курмандыктарга жол бербешибиз керек. Тургундарды кооптуу тилкелерден көчүрүү маселесин тездетүү зарыл. 2018-жылы көчүрүү процесси башталып, жер тилкелери жана курулуш материалдары бөлүнгөн. Бирок түшүндүрүү иштери начар уюштурулгандыктан, тургундар кооптуу тилкелерде жашап кала берген. Жергиликтүү тургундарга көчүрүү зарылдыгын түшүндүрүүнү жандантуу керек”, -деди Марипов.

Соңку күндөрү Кыргызстандын бир катар аймактарында сел жүрүп, адам өлүмү менен аяктаган окуялар орун алды. Ондогон турак-жай кыйрап, аймактын инфраструктурасы зыянга учурады.

Кыргызстанда, негизинен Жалал-Абад менен Ош облустарында 20 миңдей адам сел, жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Буга чейин мындай каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG