Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Депутаттар мыйзамдарды топ-тобу менен кабыл алууга каршы чыкты


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламенттин 22-июлдагы жыйынында мыйзам долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алууга каршы экенин билдирип чыгышты. Алар документтер жакшы талкууланбай эле чийки мыйзамдар өтүп кетип жатканын сынга алышты.

“Азыр мыйзамдар “пачкасы” менен келип атат. Күн тартибине кирген мыйзам долбоорун биз негизи бир ай карашыбыз керек. Биз акыркы күн менен жашаган жокпуз да. Азыр да экинчи, үчүнчү окууга деп документтер турат. Биз (ред: Парламент) июлда иштемек эмеспиз. Биз иштебесек бул мыйзамдын баары өтпөйт эле да. Шашылыш, керек мыйзамдарды карап, калгандарын жылдырып туралы”, - деди депутат Сайдулла Нышанов.

Дагы бир депутат Шайлообек Атазов мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин комитеттеринен жакшы талкуулап туруп кабыл алуу керектигин, Министрлер кабинети документтерди чукул алып келип алар чийки болуп калып жатканын айтты. Депутат Кенжебек Бокоев да ушундай эле маселени көтөрдү.

Парламенттин 22-июлдагы жыйынын күн тартибине “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” маанилүү мыйзам долбоорлорун кароо киргизилген.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктаган. Депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барып, август айында эмгек өргүүсүнө чыкмак.

Бирок парламенттин төрагасы Талант Мамытов депутаттарды 5-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта ар шаршемби жана бейшемби күндөрү кезексиз отурумдарга чогултуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ушул тапта парламенттин комитеттери иштеп, жалпы жыйындар да болуп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG