Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Пирматов тергөө менен кызматташып, камактан чыкты


Исхак Пирматов.
Исхак Пирматов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан чыкканы белгилүү болду. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-июлда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.

“Анткени, Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурору жана шек саналып жаткан Исхак Пирматовдун ортосунда тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Исхак Пирматов Кумтөр долбоорун ишке ашырууда жемкорлук фактысы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Атайын кызмат ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып койгон.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлерге айып коюлду.

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган.

Аларга “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Алардын ичинен Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты. Исхак Пирматов менен Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG