Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Тикмечилер кризис шартында иштөөнү үйрөнүштү


Тренингдин катышуучулары.
Тренингдин катышуучулары.

Кыргызстандагы тигүү тармагынын өкүлдөрү кризис шартында өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана натыйжалуулугун арттыруу боюнча семинардан өтүштү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасы (GTEX) билдирди.

Аталган программа алкагында Бишкекте уюштурулган үч күндүк тренингге катышкан тикмечилерге Орусиядагы алдыңкы адистердин бири Евгения Кривошеина сабак өттү. Ал тигүү цехтеринин технологдоруна жана директорлоруна кездемени туура бычуу, моделдерди түзүү, продукцияны так эсептөө, ишти туура уюштуруу сырларын үйрөттү.

Евгения Кривошеина.
Евгения Кривошеина.

Адистин пикиринде, Кыргызстанда тигүү тармагында жогорку квалификациядагы кадрлар жетишсиз жана мыкты технологдорду даярдоодо кыйынчылыктар бар.

«Стилон» (Санкт-Петербург) ишканасынын аткаруучу директору Кривошеина кыргызстандык тикмечилерди 2000-жылдардын башында да келип окутуп кеткен.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG