Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

Татарстан: мектепке кол салган кишинин акыл-эси жайында эмес деп табылды


Татарстан. Казандагы мектепте жапырт ок атуунун курмандыктарын эскерүү. 12-май, 2021-жыл.
Татарстан. Казандагы мектепте жапырт ок атуунун курмандыктарын эскерүү. 12-май, 2021-жыл.

Соттук-психиатриялык экспертиза быйыл 11-майда Татарстандын борбору Казандагы мектептердин бирине кол салып, мектеп окуучулары менен мугалимдерге ок чыгарган 19 жаштагы Ильназ Галявиевди акыл-эси ордунда эмес деп тапты. Бул тууралуу Коомдук байкоочу кеңештин расмий басылмасына жарыяланды.

Экспертизанын толук жыйынтыгы кийин жарыялана турганы кабарланды. Казан шаарындагы №175 гимназияда 11-майдагы куралдуу кол салуудан тогуз киши окко учкан. Алардын жетөө мектеп окуучусу, экөө мугалим болгон. Мектепке кирип келип, баш-аламан ок чыгаруунун кесепетинен 20дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Мектептеги бул канабайрамга байланыштуу 19 жаштагы Ильназ Галявиев кармалып, ага массалык адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Мыйзам боюнча аталган берене менен соттолгондор өмүр бою эркинен ажыратылат. Бир нече адамды өлтүргөн мындай оор кылмыш иши үчүн кесилгендер өзгөчө тартиптеги абак жайларында өзүнчө кармалат.

Эми сот мыйзамга ылайык, аны жазадан бошотуп, мажбурлап дарыланууга жиберүүгө гана өкүм кылышы мүмкүн экени белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG