Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Казанда мектептеги кол салуудан каза тапкандар жерге берилүүдө


Мектеп каза тапкан окуучулардын биринин бейити
Мектеп каза тапкан окуучулардын биринин бейити

Татарстандын Казан шаарында 11-майдагы кол салууда набыт болгон окуучулар жерге берилүүдө. Бүгүн, 12-майда республиканын аймагында аза күтүү күнү жарыяланган.

Таң эртеден Казандагы башкы өлүкканада маркумдардын сөөгүн алып кетүү үчүн бир нече автоунаа тизилип турду. Кол салуудан гимназиянын жети окуучусу жана эки мугалим көз жумган. Мектепте набыт болгондордун көпчүлүгү мусулмандар болгондуктан бүгүн жерге берилип жатат. Жыйырмадан ашык адам учурда ооруканада.

Мектептин имаратына куралчан кирип, ок чыгарууга шектүү катары 19 жаштагы Ильназ Галявиев аттуу жигит кармалды. Ага мектептин имаратында жардыруу уюштуруп, окуучуларга ок аткан деген айып тагылууда.

Орусиялык маалымат каражаттарынын жазышынча, Ильназ Галявиев 9-класска чейин аталган мектеп окуп, ага жакын жайгашкан коллежге которулган. Ал акыркы учурда окуудагы жетишпестиги үчүн коллежден чыгып калган.

Тергөөчүлөр мурда-кийин мыйзам менен маселеси болбогон Галявиев мындай кадамга эмнеге барган деген суроого жооп издешүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG