Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Ак-Сай тургундары талкаланган үйлөрүн тез бүтүрүп берүүнү талап кылды


Баткендин Ак-Сай айылында чек ара жаңжалында өрттөлгөн үй.
Баткендин Ак-Сай айылында чек ара жаңжалында өрттөлгөн үй.

22-июлда Баткен районунун Ак-Сай айылынын ондон ашык тургуну кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн үйлөрүн калыбына келтирүүнү тездетүү талабы менен облустук администрацияга чогулушту.

Алар үйлөрдүн пайдубалдары тургузулуп иш ошол боюнча токтоп калганын, курулуш жай жүрүп жатканын айтып арызданышты. Чогулгандар менен Баткен районунун акимчилигинин кызматкери Алимбек Матмуратов жолугуп, жаңжалда талкаланган чарбаларды калыбына келтирүү боюнча президенттин атайын өкүлү иш алып барарын билдирди.

Чогулгандар ушул күндөрү Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушуу уюштурууну суранышты. Марипов Баткен районунда 19-20-июль күндөрү селден жабыркаган айылдарды кыдырып жүрөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 21-июлдагы жыйынында айрым депутаттар Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү жай жүрүп жатканын айтып, сынга алышкан.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген.

Бул окуяда Баткенде 136 үй, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Жарактан чыккан үйлөр Түркиянын жана жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен курулууда.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Министрлер кабинети бул окуяда талкаланган үйлөр ноябрь айынын аягына чейин курулуп бүтөрүн, ушул убакытка чейин бардык үйлөрдүн пайдубалы тургузулуп, 40 турак жайдын ичи жасалып жатканын маалымдаган. (BTo/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG