Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өзүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Ага ылайык, Абдикарим Алимбаев Баткендеги, Сабыркул Ашимбаев Нарындагы, Зиядин Жамалдинов Оштогу, Мирбек Кожоев Ысык-Көлдөгү, Бакытбек Нарбеков Таластагы, Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абаддагы, ал эми Эркин Тентишев Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болду.

Садыр Жапаров “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндөгү” жарлыкка 16-июлда кол койгон.

Анда “ыйгарым укуктуу өкүлдөр өздөрү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт”, деп жазылган.

Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Ошондой эле, аларга түздөн-түз баш ийет, отчёт берет. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орду саясий мамлекеттик кызмат жана ал облустун башкы кызмат адамы болуп саналат. Облустун социалдык-экономикалык абалына жооп берет.

Жогорку билимдүү, 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү боло алат. Анын эки орун басары болот.

Буга чейин облустардын жетекчилери Министрлер кабинетинин аймактагы өкүлү болуп келген. Кыргызстанда жети облус бар.

Өлкө 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин быйыл кайрадан президенттик башкарууга кайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG