Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Чек ара: ЖК курал берүү тууралуу мыйзам долбоорду кабыл алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти 106 депутат колдоду.

Долбоорго ылайык, "ыйгарым укуктуу жарандарды" жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүү жана курал берүү каралган. Мындан сырткары алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берилет.

"Чек арачы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандар тартылып, аларга "чек ара ыйгарым укуктуулары" деген макам берилет.

Бүгүнкү күндө жалпы 140 чек ара ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат. Беш жыл аралыгында алардын арасынан жараат алгандар, же жабыркагандар болгон эмес. Азыр мындай жарандарга 14 миң сомго жакын айлык төлөнөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG