Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Ири өлкөлөрдүн баары Ооганстандагы элчилигин эвакуациялашты


Кабул. 2021-жылдын 17-августу.
Кабул. 2021-жылдын 17-августу.

Индия Ооганстандагы элчилигин эвакуациялаган ири өлкөлөрдүн акыркысы болуп калды. Азыркы тапта Кабулда айрым өлкөлөрдүн жана уюмдардын гана өкүлчүлүктөрү ишин улантууда.

АКШнын Ооганстандагы башкы дипломаты өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

Орусиянын, Кытайдын жана Пакистандын элчиликтери негизинен өз жарандарын жана алар менен көптөгөн жылдар бою кызматташып келген ооганстандыктарды, талибдер коркунуч жараткан жергиликтүү тургундарды алып чыгып кетүү менен алектенип жатышат.

Кабул аэропорту 17-августта иши бир күн үзгүлтүккө учурагандан кийин кайра ачылып, аба каттамдары уланууда.

Бул өлкөдөгү кыргыз жарандары менен туруктуу байланыш бар экенин, алардын коопсуздугу камсыздалганын, 21-августка чейин баары мекенине кайтып келерин “Азаттыкка” Ооганстандагы элчи Мирослав Ниязов билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG