Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Сайназаров: Ооганстанды изоляцияда калтырбаганга аракет кылуу керек


Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

Эл аралык коомчулук, анын ичинде Кыргызстан Ооганстанды азыркы абалда жалгыз калтырса кесепети жакшы болбойт. Мындай пикирин 18-августта “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып Search for Common Grounds уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров билдирди:

"Жалпы адамзатка караштуу баалуулуктар бар. Кайда болбосун, ким кайсы улутта болбосун, баары адам. Адамдардын бейпилдигине тоскоолдук болбошу керек. Ооба, талибдер келди, бул реалдуулук. Изоляцияга түрткөндүн ордуна аларга ачылып, кандай жактан жардам бере аларыбызды карап көрүшүбүз керек. Изоляцияда кала берсе жакырчылыктын, ич ара келишпестиктин айынан жарандык согуш чыгып кетсе арасында биринчи кезекте адам баалуулуктары, эркиндиги тебеленет. Ошондуктан эл аралык коомчулук ооган элинин келечекке карай кадам таштоосуна кандай мүмкүнчүлүк болсо да колдонушу керек. А “Талибанды” “Силер мурдагыдай талибдерсиңер”, биз ишене албайбыз” деп өзүбүздөн алыстата берсек алар кайрадан изоляцияда калышы ыктымал. Анын кесепети жакшы болбойт".

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG