Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Иманкулов: Талибдерди көрүп "шыктангысы келген" радикал күчтөргө мүмкүнчүлүк бербейбиз


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Талибан” кыймылы башка мамлекеттерге кол салбай турганын айтканы менен Ооганстанда буга чейин түзүлгөн ири террордук уюмдар ишмердүүлүгүн дале улантууда, андыктан коркунуч ошолордон болушу ыктымал. Мындай пикирин “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

18-августта “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып Иманкулов кыргыз бийлиги радикалдуу күчтөргө мүмкүнчүлүк бербей турганын, ички да, тышкы да абал кылдат анализденип жатканын айтты:

“Кээ бир эси жоктор “Талибдер бийликти жеңил эле алып алды. Биз да ушундай кылабыз” деп шыктанышы мүмкүн. Биз андайга жол бербейбиз. Биз мыйзамдуу демократиялык мамлекетпиз. Мамлекеттик органдар ички да, тышкы да маселелерди кылдат изилдеп жатат. Жакында эле жаңы Конституция кабыл алдык, эл жаңы мамлекет башчысын шайлап алды. Биз светтик, демократиялык, мыйзамдуу мамлекетти радикалдуу күчтөр бузушуна жол бербейбиз. Андай чоң коркунуч деле жок. Бирин-серин топтор кармалып жатат, бирок кылдат изилдеп турабыз. “Талибан” бул жакка келбей турганын айтууда, бирок Ооганстанда ошолордун жанында жүргөн, лагерь түзүп алган башка да террордук уюмдар жатышат, баягыдай эле машыгуу жүргүзүп жүрүшөт. Мына ошолордун таасири болушу мүмкүн. Алар биздин улуттук коопсуздукка коркунуч жаратпашы үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз”.

Халифат куруу идеясын жайылткан уюмдар Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган. Өлкөдө тыюу салынган уюмдар тизмесинде жыйырмадан ашуун кыймыл жана уюм бар.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG