Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Чолпон-Атада жыйынга чогулушат


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин туулары.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин туулары.

Кыргызстан беш мамлекеттин премьер-министрлери катыша турган ири жыйынга камданууда. 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт.

Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын премьер-министрлери Никол Пашинян, Роман Головченко, Аскар Мамин жана Михаил Мишустин жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышат. Байкоочу өлкө катары Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана онлайн байланыш аркылуу Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус катышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын күн тартибинде уюм ичиндеги соода кызматташтыгы, төлөмдөр жана башка маселелер талкууланат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбеди деген пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG