Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Баткен: Кыргыз жана тажик милиционерлери биргелешкен күзөткө чыга башташты


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн милиция кызматкерлери биргелешкен күзөткө чыга башташты. Бул тууралуу 17-августта Баткен облустук бийлиги билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баткен районунун жана коңшу Тажикстандын Исфара районунун бири-бирине чектеш жайгашкан айылдарында элдин коопсуздугун сактоо, чагымчыл күчтөргө бөгөт коюу, мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу максатында эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин кайгуул күзөттөрү уюштурулду. Алар элди күн сайын кыдырып турмай болушту.

Бүгүн 17-августта бир нече багыт боюнча бөлүнгөн күч кызматкерлери Көк-Таш айылындагы Дахма, Майский, Соманион участокторунда, Таш-Тумшук айылы менен чектешкен Кожайло участогунда, Ворух айылынын Тожикон, Ак-Сай айылындагы Бакай участогунда болушту.

Эл менен жолугушууда милиционерлер жергиликтүү тургундарды бири-бири менен сылык мамиледе болууга чакырып, чагымчыл аракеттерге эки өлкөдө тең мыйзам негизинде жоопкерчилик каралганын эскертишти. Ошондой эле айылдардын ичинде автоунаага ыңгайсыздык жараткан таш-кумду тазалоо керектиги белгиленди.

16-августта Баткен жана Согд облустарынын башчыларынын жыйыны өтүп, кызматтыштыкты бекемдөө макулдашылган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

XS
SM
MD
LG