Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:34

Молдалиев: Талибдерде биригип иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок ички айырмачылыктары да көп


Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда абалды турукташтыруу боюнча убадаларын толук аткарар-аткарбасын убакыт көрсөтөт. Мындай пикирин 18-августта “Азаттык” радиосуна саясат талдоочу, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев билдирди.

Талдоочунун пикиринде, талибдерде биригип иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк бар, бирок ички айырмачылыктары да көп:

“Ооганстанда элдин чочулаганынан, учакка жармашып качканынан тынчытыш үчүн айтылып жатат. Коркутуп-үркүткөндөн пайда чыкпасын билишет, булар 20 жылдан бери кыйла тажрыйбалуу болуп калышты. 1996-жылы мындай болгон эмес. Катуу болгон. Убадаларын канчалык аткарарын турмуш көрсөтөт. “Талибан” 1996-жылы бийликке келгенде деле маңзатты тыйган. Кийин өзгөртүп, “муну каапырлар колдонот экен, жихаддын бир түрү болот” деп башка фатва чыгарган жана уруксат берген. Бизде деле, башка мамлекеттерде деле бийликке жаңы келгендеги, шайлоодогу убадалар кийинки менен айырмасы көп эле чыгат. Өкмөт түзүлөт эми. Биригип иштеп кеткенге мүмкүнчүлүктөр бар буларда, бирок айырмачылыктар да көп. Биринчиден, пуштундардын өзүндө тарыхтан бери келаткан бөлүнүү бар. “Талибан” өздөрү деле бири-бири менен “чокулаша” кетчү чогуу согушуп жүргөндө. Монолит кыймыл деп элестеткен болбойт”.

Ооганстанда бийликти өз колуна алганын жарыялаган “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү бул өлкөдө аялдардын укугу сакталышын камсыздай турганын, талибдерге каршы иштеп келгендерге мунапыс берилерин, Ооганстанды террордук чабуулдар аянты катары пайдаланууга жол берилбесин 17-августта Кабулда өткөн басма сөз жыйында билдиришти.

Кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид алар башка өлкөлөр менен тынчтык мамиледе болууга, аялдарга "ислам алкагында" билим алып, иштөөсүнө шарт түзүүгө умтуларын айтты.

“Бизге ички да, тышкы да душмандардын кереги жок",- деди ал.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG