Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Ооганстан: талибдер Жалалабадда акцияга чыккандарга ок атты


Жалалбаддагы акциядан көрүнүш
Жалалбаддагы акциядан көрүнүш

18-августта талибдер Ооганстандын Жалалабад шаарында ооган желегин көтөрүп, акцияга чыккан адамдарды күч менен таратканы белгилүү болду. Интернетке тараган видеолордон чогулгандарга ок атылганын көрүүгө болот. Reuters агенттиги демонстранттар тууну шаардагы аянтка орнотууга аракет кылган учурда талибдер ок чыгарып, үч адам каза болгонун жазды.

Башка маалымат каражаттары Жалалабаддагы демонстрация учурундагы жабыркагандардын саны боюнча карама-каршы маалыматтарды таратууда.

Ошондой эле, бул күнү Кабул аэропортунда Ооганстандан кетүүнү каалагандарга курал колдонулганы кабарланды.

Reuters агенттиги тараткан видеодон аэропортко кирүүнү каалаган кишилерди талибдер күч менен тосуп, мылтыктын атылган үнүн угууга болот. НАТОнун Коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү агенттикке 18-августта аба майдандын дарбазасында 18 адам жаракат алганын айтып берген.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялаган. Мамлекет башчы Ашраф Гани Ооганстандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG