Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Өмүрбек Текебаев абактагы Темир Сариев боюнча билдирүү жасады


"Ак шумкар" партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев. Архив.
"Ак шумкар" партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев. Архив.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев учурда абакта жаткан экс-премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы тууралуу билдирүү жасады. Текебаев Сариевдин коркунучтуу кылмышкер эместигин, ал жоопкерчиликтен, тергөөдөн качпай турганын белгилеген.

"2007-жылы Бакиевдин атайын кызматы аянттагы митингчилерди кууп таратып жаткан учурда Темир Сариев качпастан, аянтта эл менен турган. 2010-жылы Бакиевдин бийлиги оппозицияны кармап, камап жатканын билип турса да, Москвадан келип, өзү УКМКнын колуна түшүп берген. Ал "коркуп качкандан көрө, камалсаң да Кыргызстанда болушум керек" деген көкжал принципти карманган адам. 2017-жылы мен кармалып, камалган учурда да мени колдоп турган".

Текебаев "Кумтөр иши" боюнча далилдерди жок кылып коюуга жана бурмалоого мүмкүн эместигин, Темир Сариевдин бөгөт чарасын карай турган Бишкек шаардык соту бул жагдайларды эске алууга тийиш экенин айтты.

11-августта 70ке жакын коомдук ишмерлер Темир Сариевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариевди "Кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган. Ал соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Кумтөрдөгү экологиялык зыянды Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаганын адвокаты билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG