Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Фарид Ниязов: Инандыга жарандык мыйзамдуу берилген


Фарид Ниязов сотко алып келинген учуру. 19-август, 2019-жыл.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, учурда тергөө абагында жаткан Фарид Ниязов теги түркиялык, "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш иши тууралуу пикирин билдирип, кайрылуу жасады.

Кайрылуунун мазмунун адвокат Замир Жоошев "Азаттыкка" тааныштырды.

Инандыга жарандык берүү боюнча өзүнө тагылып жаткан айыпты негизсиз жана укуктук жактан сабатсыз деп белгилеген Ниязов муну саясий куугунтуктун уландысы деп эсептейт.

"Президенттин алдындагы жарандык берүү комиссиясынын мурдагы жетекчиси катары мага каршы козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК-ред) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ-ред) жоопкерчиликтен качуу аракети. Кыргызстандын жаранын чет өлкөлүк атайын кызматтарга уурдатып жиберип, эми коомчулуктун көңүлүн башкага буруу аракети болуп жатат", - деп жазылган билдирүүдө.


Ниязов "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандыга жарандык берүүдө эч кандай мыйзамсыздык жоктугун белгилеп, анын уурдалышы - Кыргызстандагы күч кызматтары "өз жарандарынын кызыкчылыгына каршы чет өлкөлүк атайын кызматтарга кызмат кылып жатканын" көрсөтүп турат деген.

Ниязов Орхан Инандыны Түркияга кыргызстандык күч кызматкерлери жеткирип бериши ыктымал деген божомолдорго кошуларын айткан. Мындан тышкары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди саясатка аралашып, журналисттер менен блогерлерди куугунтуктагандан көрө, мамлекеттин коопсуздугун коргоого чакырган.

Теги түркиялык Орхан Инандыга "мыйзамсыз жарандык" берилгени үчүн айып тагылганы жөнүндө билдирме Фарид Ниязовго адвокаты аркылуу 10-августта берилген. Анда Орхан Инанды баштаган он чакты түркиялык адамга Кыргызстандын жарандыгын берүүдө Президенттин алдындагы жарандык берүү комиссиясынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Кылмыш кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен айыпталганы жазылган.

12-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго 2016-жылы түркиялык 10 атуулга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деген негиз менен кылмыш иши козголгон.

Атамбаевдин тарапташтары кылмыш иши түрк чалгын кызматы уурдап кеткен Орхан Инандынын ишинен алаксытуу аракети экенин айтууда.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголуп, дайыны чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып келгенин айткан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG