Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Сыны кетпеген “Сынган кылыч”


"Сынган кылыч" романы.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун быйыл 90 жылдык маарекеси. Белгилүү жазуучунун жакындары анын эстелигин өз каражатына жасатып жатышканын айтышууда.

Кылымдын китеби

Жазуучунун "Сынган кылыч" романы эң көп окулган чыгармалардын бири. Аталган чыгарманын аудио китеби дагы популярдуу.

Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романы 2019-жылы “Шам” басма үйү тарабынан 1000 нускада жарыкка чыгып, бир жарым ай аралыгында сатылып бүткөн. Бул ишти колго алгандардын бири “Данек” китеп дүкөнүнүн жетекчиси Элла Зарылбекова тарыхый романга азыр деле окурмандардан талап көп экенин айтты.

Элла Зарылбекова.
Элла Зарылбекова.

“Биз “Сынган кылычты” чыгарган кезде аны алгандардын 20 пайызын аялдар түзсө, 80 пайызы мырзалар болду. Ошондо да айымдар бул китепти атасына, жолдошуна белек кылышарын билдирип жатышты. Бул китепти эмне үчүн баары сүйүп окушат? Эмне үчүн өзгөчө мырзалар берилип окуйт? Ал жакта тарыхый окуялар жазылганын баарыбыз эле билебиз. Бирок чыгарма эр-азаматтардын лидерлик сапатын, эрктүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн арттырууда тарбиялык мааниси зор экен. Менимче ошол себептен көпчүлүк окурмандарды мырзалар түздү окшойт”.

Белгилүү журналист Эрнис Кыязов соңку мезгилде адабий чыгармаларды аудио форматта жаздырып келет. Ал “Сынган кылычтын” көп окулушун, угулушун автордун жазуу стили көркөм болгондугуна жана элдин тарыхый окуяларга кызыгуусуна байланыштырат:

Эрнис Кыязов.
Эрнис Кыязов.

“Азыркы убакта атайын убакыт бөлүп китеп окуу айрымдар үчүн түйшүк болуп калбадыбы. Ошондуктан өзүм окуган китептерди кол бошой калган кездерде аудио вариантта жаздырып жатам. Төлөгөн Касымбековдун аудиолоштурган чыгармаларын чындыгында элдер көп угушат. Мен мунун себебин жазуучунун жазуу стилинин артыкчылыгынан го деп ойлойм. Ошону менен катар биздин тарыхтагы болуп өткөн окуялар, романдагы курч сюжеттер, курч баяндоолор, биздин белгилүү тарыхый инсандардын тарыхтагы орду окурмандарды ар убак өзүнө тартып турса керек. Ушул жагынан алып караганда, "Сынган кылыч" аудиолоштурган башка чыгармалардан көп угулат деп божомолдосок болот”.

Белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин доктору Садык Алахан Төлөгөн Касымбековду кыргыз адабиятынан өзүнүн татыктуу ордун тапкан, классикке айланган калемгер деп сыппаттады.

Садык Алахан.
Садык Алахан.

“Ал XX кылымдын соңунда кыргыз адабиятын жаңы деңгээлге көтөргөн калемгер. Төлөгөн Касымбековду айрымдары тарыхый романды түптөп, жаңы деңгээлдеги тарыхый романды жаратты деп айтып жүрүшөт. ынында Касымбековду жазуучу катары, сүрөткер катары, көркөм дөөлөттүн ээси катары, жалпылап айтканда, кыргыз адабиятынын классик жазуучусу деп баалашыбыз керек. Адамдык жүрүм-туруму жагынан болсун, элдин салт-санаасын билүү жагынан болсун, билгенинин бардыгын көркөм дүйнөгө айлантуу жагынан болсун, ал биз берген жогорку баага татыктуу”.

"Легендарлуу парламентте"

Төлөгөн Касымбековду жалпы эл жазуучу катары таанылганы менен кийинки муундун көпчүлүгү анын "легендарлуу паламентте" депутат болгонунан кабары жок.

Кыргыз мамлекети өзүнүн символикаларын аныктап жаткан чакта, кызыл түстөгү туунун тандалышына да Касымбековдун таасири болгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Төлөгөн Касымбеков айрым тарыхый окуялардагы кадамын белгиледи:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“90-жылдардын башында Кыргызстанда улуттук кайра жаралуу процесси башталган. Ал процессте кыргыздар өзүнүн ким экендигин, дүйнөлүк тарыхтагы, дүйнөдөгү мамлекеттердин арасындагы өз ордун аныктоо зарылдыгы келип чыккан. Мына ошол кырдаалда Төлөгөн Касымбеков сыяктуу адамдардын парламентте болушу биз үчүн зор табылгадай эле болду. Анткени тарыхты мыкты билип, советтик-коммунисттик көз караш менен эмес кыргыздын көз карашы менен тарых жазган жападан жалгыз жазуучу Касымбеков эле. Ал депутаттарга, деги эле жалпы саясатчыларга трибунадан эле эмес, жеке сүйлөшкөндө да таасири абдан зор болчу”.

Сааты чыга элек маараке

2021-жылдын 15-январында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында жазуучунун 90 жылдыгына арналган “Төлөгөн Касымбеков – кыргыз тарыхый романистикасынын залкары” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өткөн.

Төлөгөн Касымбековдун уулу Расул Төлөгөновдун айтымында, жазуучунун атын бир көчөгө ыйгаруу жана борбордун бир жерине анын эстелигин орнотуу демилгеси дал ушул жыйында көтөрүлүп, өкмөткө кат жолдонгон. Азырынча расмий түрдө ачык жооп келе элек.

“Өкмөттөн атамдын 90 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча токтом чыкты дешкен. Менимче комиссия түзүлгөн окшойт. Биз аны уктук, бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөр боло элек. Илимий конференция жыл башында эле болду эле, мына азыр жай да өтүп баратат. Анан биз бала-чакасы, тууган-уругу тынчыбыз кетип, эч кимди күтпөй эле өзүбүзгө тиешелүү, колубуздан келген иштерди жасай берели деп чечтик”.

Расулдун билдиришинче, жазуучунун жакындары Касымбековдун айкелин жасоо ишин белгилүү айкелчи Тамила Маматовага тапшырышкан.

Ошону менен катар бул иштерге кетчү каражат өздөрүнөн сарпталарын кошумчалады. Төлөгөнов кыргыз өкмөтү эстелик коюлчу жерди жана жазуучунун аты ыйгарылчу көчөнү гана чечип берсе деген оюн кошумчалады.

Төлөгөн Касымбеков.
Төлөгөн Касымбеков.

Ошондой эле Расул Төлөгөновдун берген маалыматына караганда жазуучунун жарыкка чыга элек чыгармасы да бар. Анда Токтогул Сатылганов тууралуу драма жанрында жазган экен. Жазуучунун уулу быйыл 90 жылдык маарекеге чейин, жогорудагы чыгарманы да театр адистери менен кеңешип, сахналаштыруу аракетин көрүшөрүн жана китеп кылып жарыкка чыгаруу максаттары бар экенин кеп кылды.

“Азаттык” Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык маарекесинин өткөрүлүшү тууралуу Маданият, маалымат жана спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен байланышканда, аталган мекеменин басма сөз кызматы жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чараларды алдыдагы убакытта өткөрүү планы бар экенин, бирок азырынча пандемиялык шарттан улам так датасы белгисиз экенин билдирди.

2020-жылдын июль айында коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев өзүнүн "Фейсбук" баракчасынан видео кайрылуу жасап, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун Кой-Таш айылындагы мүрзөсүндө жадагалса алакандай белги да коюла электигин айтып чыккан.

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Аксы районунун Ак-Жол кыштагында туулган.

Анын "Кичинекей жылкычы" аттуу чыгармасы "Советтик Кыргызстан" журналында биринчи жолу жарыкка чыккан.

"Адам болгум келет" аттуу повести 1965-жылы орус тилинде жарык кɵргɵн. Элге кеңири тараган “Сынган кылыч” романынан башка Кыргызстандын тарыхын ХIХ кылымдын ортосунан баштап, ХХ кылымдын башына чейин баяндаган "Келкел", "Чапкын", "Баскын", "Кыргын" деген романдары да бар.

Касымбеков 2011-жылы 16-июнда 80 жашында көз жумуп, сөөгү Чүйдүн Кой-Таш айылына коюлган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG