Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Кылымдын китебин жазган Төлөгөн агай


Жазуучу Төлөгөн Касымбеков (1931–2011).
Жазуучу Төлөгөн Касымбеков (1931–2011).

Атактуу эл акыны Аалы Токомбаев "“Мындай китепти дагы жүз жыл бою башкалары дагы жаза албайт!” деп зор баа берген "Сынган кылыч" аттуу тарыхый роман жана анын автору Төлөгөн Касымбеков тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу.

Сынган кылыч” тарыхый романы Төлөгөн Касымбековду кыргыздын улуттук адабиятынын алдыңкы катарына алып чыкты, дүйнөгө таанытты.

Романдын чыгышы башында чоң тоскоолго учурабаганы менен, элдин сүйгүнчүк китебине айлангандан кийин эки ирет куугунтукка туш келди, кыйла жыл жазуучу башка жазгандарын чыгара албай жүрдү.

Авторун көкөлөткөн роман

Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда төрөлүп, 2011-жылы 16-июнда дүйнө салган. Сексен жылдык өмүрүндө онго жакын китеп жазып, улут адабиятынын алдыңкы катарындагы беш манжа менен саналчу классиктердин катарына кошулган.

Ал студент кезинде аңгемелерди жазып, анысы мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып, чыгармачылык тушоосу эрте кесилген. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүргөн. Ага чейин “Кичинекей жылкычы” деген аңгемелер жыйнагы (1956), окууну бүтүп иштеп калган кезинде “Туулган жер” (1958), эки жылдан кийин айтылуу “Адам болгум келет” повести китеп болуп чыккан (1960).

Анан бир топ жылдар китептери чыкпай жүрүп, 1966-жылы айтылуу “Сынган кылыч” романынын биринчи китеби жарык көргөн. Ага чейин романдын үзүндүлөрү “Ала-Тоо” журналына жарыяланып, окурмандардын кызыгуусун арттырган.

Китеп болуп чыккандан кийин каны жерге тамбай таланып, китепти артынан издеп окугандар, сураткандар көбөйгөн. Заматта элдик китеп болуп калган. Автору улут адабиятынын алдыңкы сабындагы сүрөткерлерге кошулган.

Романдын экинчи китеби 1971-жылы чыкты. Чыгармага мактоо республикалык, москвалык адабий басылмаларда жайнап, чыныгы таланттын баасы татыктуу белгиленгендей болду.

1960-жылдары улут адабиятына келген жаңы муундун адам дүйнөсүнүн ички сырларын чебер сүрөттөгөн жаш жазуучулар катарында Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет”, Шабданбай Абдырамановдун “Тааныш адамдар”, Камбаралы Бобуловдун “Түштүк кызы” повесттери Москвадагы абройлуу басмадан китеп болуп чыгып, ага баш сөздү Чыңгыз Айтматов жазган.

“Сынган кылычтын” тагдыры эки ирет өкчөлүп, айтылуу сынчы Кадыркул Даутов таамай белгилегендей, “эки жолу тагдыры башка кылычтардын мизине коюлуп, эки жолу катуу чабуулга кабылып, эки жолу “сынып түшүп”, эки жолу кайра бүтөлүп, эки жолу кайра ордуна келди.”

Негизи “Сынган кылычтын” тагдыры романдын биринчи китеби чыккандан кийин эле кыйчалыштай баштаган. Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, романдын үзүндүлөрү жарыяланган “Ала-Тоо” журналы, китептин өзү заматта сатылып, аны издегендер көбөйгөнү, керемет чыгарма тууралуу уу-дуу кептин күчөп кетиши эң алды жазуучунун биртоп каламдаштарын түйшөлтүп, тарыхый чыгарманы биротоло чыккыс кылып жолун эмитен бууп таштоо аракети башталган.

Элдик мактоого тунуп, анткен менен айрым улуу муундагы каламдаштарынын суз мамилесине туш келген жазуучу романдын экинчи китебин жашыруун жазган, сурагандарга материал топтоп жатам деген жооткотмо жооп узаткан. Компартиянын идеологдору ошол кезде жалаң кылычын байланып, убакыт-саатын күтүп, тарыхый чыгарманы чаап түшүүнүн камында турушкан.

Китептин экинчи бөлүгү жазылып бүткөнүн кол жазма басмага тапшырылгандан кийин билип калышты. Т. Касымбековдун каршылаштары чыгармага идеялык кине коюп, буга чейин боло келгендей идеологияга кайчы роман атын берип, жолун бууп таштоону көздөп, алдыга Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевди сүрөшөт.

Бул эми 1969-жылкы окуя. Темиркул Үмөталиев коммунисттик идеологияга жан дили менен берилген, өзүн большевик акын деп эсептечү. 1937-жылы Аалы Токомбаевдин камакка алынышына анын каты себепкер болгонун замандаштары айтып жүрүшөт.

Каламдаштардын катаал сыны

Т. Касымбеков чыгарманы колдоп беришин өтүнүп, эл акыны А. Токомбаевге кайрылган экен. Кол жазманын талкуусу Кыргызстан Жазуучулар союзунда, уюмдун биринчи катчысы Токтоболот Абдумомуновдун жетекчилиги алдында өткөн.

Т. Үмөталиев “Т.Касымбеков молдонун, башкача айтканда, эзүүчү таптын баласы, биринчи бөлүгүндө элди эзген хандыкты көтөрмөлөп жазган. Мен экинчи бөлүгүн окуган жокмун, бирок мындай китепти чыгарууга болбойт!”, – дейт.

Ага каршы чыкккан А. Токомбаев:

– Эй Темиркул! 1937-жылдагы мени каматкан сенин канкорлугуң кайра кармап калса керек! Биз кайсы заманда жашап жатабыз! Кол жазманы мына мен окудум, сен окубасаң! Жакшы жазган. Мындай китепти дагы жүз жыл бою сен Темиркул, башкалары дагы жаза албайт! Бул китепти чыгарбай койсоңор, баарыңар уят болосуңар. Чыгарыш керек! – дейт.

Жыйында отургандар окубаган кол жазманы чыгарып анан талкуулайлы деп Токтоболот Абдумомуновдун иш билгилиги менен ошентип тынч тарап кетишет.

Кол жазма басма планына кирип, кийинки жылы китеп болуп чыккан.

“Сынган кылыч” романынын салтанаттуу жүрүшү ошондон кийин башталган; ал башка тилдерге которулуп, кыргызча кайра-кайра басылганына карабай, ушу кезге чейин окурмандардын колдон түшпөс китебине айланды, авторуна оголе көп сыйургалдарды алып келди.

Бирок, роман толук чыккандан кийин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин көрсөтмөсү менен 1971-жылы ошол эле Жазуучулар союзунда талкууга түшкөн. Ошондой басым-кысымдарды жазуучунун өзү 2004-жылы “Азаттыкка” курган маегинде минтип белгиледи эле:

“Андан кийин жүрүп-жүрүп отуруп, элдин түшүнүгү ошондой болушу мүмкүн, саясатчылардын түшүнүгүнүн деңгээли ошондой болушу мүмкүн, анан кийин жазуучулардын арасында «өзүмөн башка бирөөлөр болбосун» деген мындай бир ич күйдүлүк да болот экен. Ошонун негизинде бул «Сынган кылычка» катуу сын, катуу чабуул коюла баштады. Чабуулдун башында аттуу-баштуу кишилер турду. Ошондой эле «Сынган кылычты» тикесинен коргогон азамат жазуучулар да болду. Мына ошонун негизинде биз эптеп кыл көпүрөдөн да өтүп кеттик.

Ошондо үч кишиге асылып бир чабуул жасалды. Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асабасына», Шаршенбек Үмөталиевдин «Өзөктөгү өрт» деген чакан повестине, андан кийин менин «Сынган кылычыма». Ага каршы Москвадан атайын макала чыгарылган. «Против антиисторизма» («Тарыхты бурмалоого каршы») деп атайын макала чыккан.


Ошого да «кыргыздын мамлекеттүүлүгү бар деп атат булар» деген сөздөрдү киргизишип, анан мээлегенге - жанагы кароолго үчөөбүз бир алынып калган экенбиз, Жазуучулар союзунун президиумунда чоң чогулуш болуп, сынчылар, адабиятчылар, жазуучулар жыйналып талкуудан өттүк.

Ошерде да өзүңдү-өзүң коргойсуң. Жазгандан кийин ошончолук даярдыгың болот да. Анан мен ошондо өзүмдү-өзүм коргоп кеттим окшойт, кандайдыр бир деңгээлде меникине уруксат беришти да, Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалдыкын, Шаршенбектикин кармап калышты. Ошондон кийин дагы Москвадан «Вопросы литературы» журналына макала чыгартышты. “«Сынган кылыч» эч нерсеге жарабаган, болбогон эле окуя” деген.

Романдын ал кездеги жалпы союздук адабий сын тарабынан оң бааланышы, кыргыз совет адабиятынын соңку жылдардагы жетишкендиги катары мактоого алынышы жергиликтүү идеологдор тарабынан башталган алгачкы басым-кысымдын жаасын кыйла азайткан.

А бирок басым ошону менен эле токтолуп калган эмес. 1983-жылы Кыргызстан Компартиясы романды идеялык катасы бар чыгарма катары баалап, расмий басым-кысымга кайра дагы туш келген.

Буга чейин эле Төлөгөн Касымбековдун жазгандары чыкпай, өзү кызматтан алынып, кийинки “Кел-кел” романынын кол жазмасы басмадан өтпөй, жазуучу оор абалды башынан кечирип турган.

Баарынан да романдын Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин баянында аталып, идеялык кемчиликтери көрсөтүлгөндөн кийин анын кайрадан басылышына, жазуучунун чыгармаларынын жарыяланышына 1983-жылдан тартып толук бөгөт коюлду.

Замандаштарынын эскерүүсүндө белгленгендей, залкар жазуучу ушундай оор кырдаалда толгон кыйынчылыктарга карабай, эч кимге арызга отурбай, жасап жаткан ишинин адилеттигине ишенип, бир кезде жалдап алган жепирейген үйдө “Сынган кылыч” романын баштап, керемет чыгарманын ийгилигине ишенип, чыгармасы улут адабиятындагы беш манжа менен саналчу классикалык туундулардын бирине айланып, авторун генийлер катарына кошоруна үмүт артып, ополтоо эмгек жасап койгон.

Мүшкүл канааттанууга алмашты

Арадан анчалык көп убакыт өтпөй, жумурятта чейрек кылым бир кишинин жетегинде келген коммунисттик бийлик Михаил Горбачевдун чакырган "Кайра куруулар" урааны астында өзгөрө баштады да, Төлөгөн Касымбековдун көркөм сүрөткердигине кошулуп коомдук ишмердиги башталды. Ал Кыргызстандын эгемендигине бата берген депутаттардан болду. Анын эл жазуучусу, Кыргызстандын Баатыры наамдары, толгон сыйлыктар, мамлекеттик сыйургалдар келди.

Эң башкысы - ал постсоветтик эгемен Кыргыз мамлекетинин түптөлүп жаткандыгын, көп этностуу Кокон тарыхы кыргыздардын ферганалык бөлүгүнүн өз мамлекеттүүлүгү экендиги жөнүндөгү өз идеяларын профессор Ташманбет Кененсариев сыяктуу тарыхчылар, адабиятчылар жана башка айдыңдар да колдоого алышканын көзү менен көрүп, өмүрүнүн соңку жылдарын канааттануу менен өткөрдү.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG