Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Адабий сындын дагы бир алпы кетти


Кадыркул Даутов.

Кадыркул Даутов менен кошо кыргыз адабий сыны, адабий илиминин өзүнчө бир доору, бийик деңгээлге чыгып алган көркөм эстетикалык дүйнөсү жыйынтыкталды окшойт.

Көркөм сөздүн тек-жайын, текст артына катылган көп кырдуу сырын сергек туюнган сынчы калыстыгынан тайбай, кыймылдагы эстетиканын көч башында жүрдү.

Кадыркул Даутовду алгач көргөн учурум студент кезде болду. Көркөм сөзгө жакын жаныбыз 1970-жылдары «Кыргызстан маданияты» жумалыгы менен «Ала-Тоо» журналына чыккан чыгармаларды баса калып окуп жүргөн кезибиз. Ал кезде адабий сындын да арааны ачылып, адабий талкуулар көбөйүп, көркөм чыгармачылыктын айланасындагы уу-дуу кептердин күнү тууп турган. Кадыркул Даутовдун сынчы катары жылдызы жанган учуру ушул кезге туш келди.

Оболу Москвадан көлөмдүү макаласы орус тилинде чыгып, ал кездеги салт боюнча борбордо чыккан адабий изилдөө, макала кыргыз тилине которулуп, жергиликтүү басылмаларда чыгып турчу. Бул жактан кыргыз поэзиясына арналган макалалары байма-бай жарыяланып, Кадыркул Даутов жаш сынчы деген сыпаттамага көп байырлабады. Тез эле аттуу-баштуулардын катарына кошулуп, алардын айрымдарын сындап, активдеги сынчылардын алдыңкы катарына туруп калды.

Адабий сынга келгиче ал киши алгач ыр жазып, Токмоктогу маданий техникумда окуп, иши кылып кадыресе турмуштук тажрыйба топтогон соң чыгармачылыкка аралашкан экен.

Анан да университетти мыкты бүтүп, көркөм сөзгө ышкысы күчөп турган кезде Москвага аспирантурага өтүп, өзу айткандай, «чоң борбордун» адабий турмушуна батыл аралашып, эң негизгиси, баш калаанын бай китепканасынан издеп жүргөн китептерин таап, интеллектуалдык багажын байытып кайткан.

Москвадан бүтүп, илгиртпей ошол жерде кандидаттыгын жактап келген адиске бул жерден каалаган жумушун беришчү. Бирок Кадыркул Даутов өз жерине кайткандан кийин Кыргыз совет энциклопедиясына ишке алынып, андан соң гана Илимдер академиясынын сектор башчылыгына келген.

Мен аны Москвадан окуусун бүтүп, Фрунзеге келгенде биринчи ирет көргөм. Орто бойлуу, жылдыздуу, адамды тик караган жайдары жаш жигит болчу. Мына ошол кезден тартып айтылуу сынчынын бирде өргө, бирде төмөнгө кеткен, а негизи кызыктуу чыгармачылык жолу башталды. Анын алгачкы сын макалаларынын топтому «Ырдын өмүрү» деп аталат. Өзүнө курбалдаш, 60-жылдары адабиятка өзүнчө бир дем менен кирген муундун поэзиясын кылдат талдап, кимдин канчалык дарамети бар экенин, кимиси сүрмө топтон суурулуп чыгарын кашкайтып далилдеп берген.

Ошол макалаларынан улам көпчүлүк Кадыркул Даутовду поэзияны мыкты түшүнгөн сынчылар катарына кошуп коюшкан чакта айтылуу «Сентенциядан концепцияга, фактографиядан синтезге» аттуу макаласы чыкты.

Адегенде Жазуучулар союзундагы прозанын абалына арналган жыйында окулуп, артынан «Ала-Тоо» журналына жарыяланды. Ага чейин кыргыз романдары жөнүндө жазылган адабий сын макалалардан айырмаланып, сынчы кыргыз прозасынын баштоочу жанры болуп эсептелген романдардын системалуу мүчүлүштүктөрүн ушунчалык так, ишенимдүү ачып бергендиктен, кийин «Ала-Тоо» журналындагы талкууга катышкан авторлордун бири да анын жүйөсүнө жүйө каршы коё алышпады.

Анын үстүнө кыргыз прозасынын баштоочу жанры болчу кыргыз романдарынын мүчүлүштүктөрү буга чейин конкреттүү мисалдардын негизинде, терең талдана элек болчу. Романдар жөнүндөгү кеп көбүнесе чыгарманын идеясына, каармандардын аракет-кыймылын сыпаттоого гана багытталып, алардын көркөмдүк жүгү, эстетикасы баам сыртында калчу.

Кадыркул Даутовдун мына ушул макаласы кыргыз адабий сынынын илимий-теориялык деңгээлинин кабелтең тартып, кыйла жылдар үстөмдүк кылып келген идеялык принциптери аз-аздан эстетикалык аңдоого орун бошото баштаганын, кыргыз совет адабиятына жаңычыл сынчы келгенин ырастады окшойт. Башында бекем карманган принцип, позициясын К. Даутов өмүр бою сактап, абийирине камчы чаппай, өзү жактырган чындыктан тайган жок.

Айтылуу сынчынын калемдеши, профессор Садык Алахандын эскерүүсү:

Садык Алахан.
Садык Алахан.

«Ал бардык ишке адилет, акыйкат мамиле кылды. Адабий сынга, адабиятчылыкка, адабий таанууга, талдап жаткан чыгармаларына – бардык нерсеге абийирдүүлүк менен чынчыл, ак мамиле кылган адабиятчы болду. Мындай сапат көрүнгөн эле адабиятчыда, адабий сынчыда болбойт. Көрүнгөн эле окумуштууда болбойт, бул өзү сейрек жолукчу талант. Кыргыз адабий сынын жаңы баскычка көтөргөн адабиятчы, эстет сынчы экенин ушул үч багытты бекем карманганынан көрсө болот. Баарысы, жөнөкөй окурмандан баштап ушул үч багытты белгилеп айтышат. К.Даутов ак иштеген, адабий сынчылыгы, адабият таануучулугу менен эл ичинде кадыр-барктуу, окурмандардын бардык катмарына жеткен адабиятчы, сынчы. Кыргыз адабиятында, кыргыз адабий сынында түбөлүккө калды десек болот. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер деген наам берди. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген наамга татыктуу болду. Кадыркул Даутовичтин багытын улантып кетчү жаштар келет».

Кадыркул Даутовдун каламынан чыккан макалалар окурмандар менен адабият ышкыбоздорунун кызыгуусун туудуруп, адабияттын коомдук кадыр-баркын көтөрүп турчу. Өмүрүн улуттук көркөм сөздүн тарыхы менен теориясын, кыймылдагы абалын аңдоого арнаган таланттуу сынчы ыйманына камчы чаппай, кыргыз адабиятынын ысык-суугуна кайыл болуп, ийгиликтерин аянбай жар салып, кемчилик-мүчүлүштөрүн жашырбай ачык айтып, калыстыктан тайган жок.

Анын кыргыз классиктери тууралуу жазган эмгектери - бар тарабы келишкен мыкты изилдөөлөр, кыйла жылдык изденүүнүнүн жемиши катары чыккан туундулар. Аларды окуган адам ириде сынчынын билиминин тереңдигине, көркөм туюмунун сезимталдыгына, жазып жаткан материалын ар тараптуу караган эрудициясына таң калбай койбойт. Алп акын Барпынын чыгармаларын кең-кесири иликтеген эмгеги ушундай касиет-сапатка ээ.

К. Даутовго чейин Барпынын чыгармачылыгы жөнүндө көп эле жазылган болчу. Улуу акын улуттук адабиятыбыздагы саналуу классиктердин катарына кошулуп, Токтогул менен Тоголок Молдодон кийинки орун ага энчиленип да калган эле. Жетимчиликтин азабын көрүп, 1917-жылкы Октябрь революциясын кучак жая тосуп алып, эзүүчү тапты жектеп, эмгекчи калкты даңктаган демократ акын катары сыпатталчу.

К. Даутов ошол калыпты бузуп, Барпы катарында айтылып келаткан ырчы акындардан таптакыр башка талант экенин, анын чыгармачылыгына Чыгыш адабиятынын, атап айтканда, ашыктык лирикасынын таасири таамай басылганын, сабатсыз акындын сергек көкүрөгү, акындык туюму уккан-билгендерин эсинде сактап, анан да башкачараак шарттагы поэтикалык мектептен таалим алып калгандыктан поэзиясы «жалпы хордон» кыйла айырмалуу экендигин далилдеп берди. Ал «генийдин жаралган жерин көрүп келиш керек» деп бир топ жыл улуу акындын өмүрү өткөн жерге барып, аны көрүп калган, угуп калган адамдар менен жолугуп, оголе көп материалдарды жыйнады. Соңунда алп акындын чыгармачылыгына арналган көлөмдүү эмгегин жарыялады.

Адабий сында көп ирет кепке алынган классиктер тууралуу жазган макалалары, атап айтканда, дүйнөлүк, көп улуттуу совет адабиятынын корифейлери, аларга улай кыргыз совет адабиятынын классиктери Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбеков, Байдылда Сарногоев, кийинки муундагы акындардан Омор Султановдун, Табылды Мукановдун, Анатай Өмүркановдун чыгармачылыгына арналган макалалары - көркөм чыгарманы талдоонун, адабияттагы жаңычылдык эмне экенин, ал кандай факторлордон келип жараларын айгинелеген эмгектер.

Кадыркул Даутов кыргыз совет адабиятынын 70 жылдык тарыхында жаралып калган кайталангыс бир чыгарманы - Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романын, айрыкча андагы образдар системасын кемелине келтирип талдап, улут адабиятындагы ушул кайталангыс көрүнүштүн кантип жана кандайча жаралганын кашкайта далилдеген фундаменталдуу эмгегин жазган.

Айтылуу сынчы тигил же бул көрүнүш жайында кеп кылганда анын келип чыгышын, андайга жөлөк болгон факторлорду эске алчу. Ушул ыңгайда анын кыргыз адабий сыны менен илиминин келип чыгышын иликтеген элдик сынчыл ойдун эстетикага айланышы, сындын жаралышы, өнүгүшү, адабияттын өзүн-өзү аңдашына арналган фундаменталдуу эмгегин эске албай өтүш кыйын.

Өмүрүнүн соңку жылдарында ал ушул теманы баса олтуруп тээ элдик оозеки адабияттан, эл оозунда калган учкул кептерден, алгачкы дүйнө таанымдан башталган булак коомдук шарты келгенде кантип оргуп чыкканын, башында идеологиялык кызматка чегерилип, өткөн кылымдын орто ченинен тарта эстетикалык максат-мүдөөгө кызмат өтөй баштаганын ырастап берген.

Өмүрүн улут адабиятынын өнүгүшүнө арнап, көркөм кубулуштун көп кырдуу табиятын тереңден аңдап, чыгарманы талдоонун, адабиятты түшүнүүнүн эң жогорку үлгүсүн көрсөтүп кеткен Кадыркул Даутов тууралуу дагы көп сөз болот. Анын артында калтырып кеткен опол тоодой илимий мурасын иликтөө, элге жайылтуу жаатында дагы көп иштер жасалат.

Кадыркул Даутов деген эстетикалык сезим-туюму сергек, терең билимдүү, адамгерчилиги бийик, өзү билген адабий акыйкатты туу тутуп өткөн кайталангыс таланттын эмгеги анын экинчи өмүрүн улантат.

Кадыркул Даутовдун көзү тирүүсүндө алынган маектин аудиосу. 22-май, 2017-жыл.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG