Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Кыргызстандагы ооган жарандары "качкын" макамын талап кылууда


Ооган жарандарынын Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы.
Ооган жарандарынын Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы.

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандагы ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгышты. Алар жыйырма жылдан бери башпаанек ала албай жүрүшкөнүн даттанып, кыргыз бийлигинен "качкын" макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.

Алардын бири Кыргызстанга келгенине 22 жыл болгонун белгилеп, ошондон бери "качкын" макамын ала албай жүргөнүн журналисттерге айтты.

"Биз Ооганстандан качып келгенбиз. Бизге Кыргызстан "качкын" макамын берген эмес, бизде болгону БУУнун "качкын" мандаты гана бар. Бизге же макам берсин, болбосо башка бир өлкөгө чыгарсын".

Ооган жарандарынын "качкын" макамын талап кылып, БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында башталган нааразылык акциясы АКШнын элчилигинин алдында уланмакчы.

Кыргызстан Ооганстандагы памирлик 1200 кыргызды кабыл ала алууга даяр экенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова "Азаттыкка" билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстанда буга чейин келген Ооганстандын 73 жаранына качкын макамы берилген. Мындан сырткары 67 жарандын арызы каралып жатат.

Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына мүчө мамлекет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG