Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

МАГАТЭ: Иран уранды байытуу ишин тездетти


Натанз заводу. Архивдик сүрөт.
Натанз заводу. Архивдик сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук коопсуздук боюнча агенттиги Иран курал сапатына жеткен уранды байытуу процессин тездете баштаганын билдирди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) 17-августта мүчө өлкөлөрдүн баяндамаларына таянган маалыматына караганда, Иран Натанз шаарындагы ишканасында центрифугалардын экинчи каскадын колдонуп, тазалыгы 60 процентке жеткен уранды байытып жатат.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн эл аралык санкциялар алынган. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG