Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды


Садыр Жапаров менен Шавхат Мирзиеев
Садыр Жапаров менен Шавхат Мирзиеев

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Аталган фондду түзүү тууралуу макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган расмий сапары учурунда кол коюлган.

Фонд уставдык капиталы 50 млн. доллар. Ал акча Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн. долларга чейин жеткирилген эл аралык уюм болору пландалган.

Бул мыйзамдын негизги максаты кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө кыргыз өкмөтү менен өзбек өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү болуп саналат.

Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG